# Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2268/edition/390547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген) (23.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57026

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 12-январындагы № 13

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги

соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобо

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 23-июлундагы № 284 токтомунун,

2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558 токтомунун

редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү (мын-

дан ары - соода өкүлчүлүгү) ал жайгашкан мамлекетте тышкы экономикалык

маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарын көрсөткөн жана аны

коргоону камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Соода өкүлчүлүгү тиешелүү чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын

дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдында уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүгү

жок учурларда соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасы менен тиешелүү чет

мамлекеттин ортосунда эки тараптуу келишимдин же кат жүзүндөгү макулда-

шуунун негизинде Кыргыз Республикасынын өз алдынча чет өлкөлүк мекемеси

катары уюштурулат.

Соода өкүлчүлүгү уюштурулбаган айрым өлкөлөрдө анын функциясы Кыр-

гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча

ошол мамлекетте жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктүн соода-экономикалык

маселелери боюнча кењешчисине жүктөлүшү мүмкүн.

3. Соода өкүлчүлүгү ошол мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн

башчысынын саясий жетекчилиги менен иштейт.

4. Соода өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эки

же андан ашуун мамлекеттердеги милдеттерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.

5. Зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соода өкүлчүлүгүнүн

региондук бөлүмүн уюштурат. Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмү өз

ишин ал турган мамлекеттеги соода өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен ишке

ашырат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558

токтомунун редакциясына ылайык)

6. Соода өкүлчүлүгү өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Консти-

туциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын

Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премь-

ер-министринин буйруктарын, Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тар-

типте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын баш-

ка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке

алат.

II. Соода өкүлчүлүгүнүн негизги

максаттары жана милдеттери

7. Соода өкулчүлүгүнүн негизги максаттары жана милдеттери

төмөнкүлөр болуп саналат:

- тышкы экономикалык иш-аракеттин маселелери боюнча ал жайгашкан

мамлекетте Кыргыз Республикасынын таламдарын көрсөтүү;

- Кыргыз Республикасы менен ошол мамлекеттин ортосундагы экономи-

калык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн товарлары менен кызмат

көрсөтүүлөрүнүн экспортун илгерилетүү;

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына

жана социалдык чөйрөсүнө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу;

- соода-экономикалык мамилелердин жањы формаларын ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш-аракетиндеги ата

мекендик катышуучулардын соода-экономикалык кызыкчылыктарын ал жайгаш-

кан мамлекетте коргоо, тышкы экономикалык иш-аракетти ишке ашырууда

аларга ар тараптан көмөк көрсөтүү, экономикалык жана илимий-техникалык

кызматташтыктын түз байланыштарды түзүү, биргелешкен ишканаларды, сер-

вистик, соода жана жарнамалык фирмаларды уюштуруу сыяктуу жањы багытта-

ры менен формаларын өнүктүрүү.

III. Соода өкүлчүлүгүнүн негизги

функциялары

8. Соода өкүлчүлүгү жүктөлгөн милдеттерге ылайык:

а) жалпы экономикалык шарттарды, тышкы экономикалык байланыштарды

өнүктүрүү тенденцияларын, валюталык-финансылык абалды, тышкы экономика-

лык иштер жагындагы мыйзамдарды, экологиялык нормативдерди, ал жайгаш-

кан мамлекеттин товарлар жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөр рыногунун

коньюнктурасын изилдейт жана талдайт, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн

ушул жана башка маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык

өнүктүрүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Тышкы

иштер министрлигине, ал эми зарыл учурларда - Кыргыз Республикасынын

башка тиешелүү мамлекеттик органдарына маалымдап турат;

б) салык, бажы, баа саясаты жагындагы Кыргыз Республикасынын мый-

замдары жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы социалдык-экологиялык жана

башка экономикалык шарттар жөнүндө ал жайгашкан мамлекеттин тиешелүү

органдарына билдирет;

в) ал жайгашкан мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономика-

лык ишмердигинин ата мекендик катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо

боюнча чараларды ишке ашырат, тышкы экономикалык иш-аракеттин кыргыз

катышуучуларына, кыргыздардын товарларына, кызмат көрсөтүүлөрүнө, ин-

вестицияларына карата ошол мамлекет өз милдеттенмелерин аткарбаган жана

жогорудагыларды басмырлаган учурларды аныктайт жана аларды четтетүүгө

көмөктөшөт;

г) кызматташтыктын алдыњкы формаларын жөнгө салуу жана өнүктүрүү

боюнча көмөк көрсөтөт;

д) соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык маселе-

лери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар менен комитеттердин, тышкы эко-

номикалык ишмердүүлүк маселелери боюнча эл аралык экономикалык уюмдар-

дын иштерине катышат;

е) ал жайгашкан мамлекетте сертификациялоо, эл аралык стандарттар-

ды колдонуу системасын, сапатты башкаруу проблемасын, кыргыз товарлары

менен кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн

изилдейт жана талдайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экспорттук

продукциясынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Кыргыз

Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигине сунуш кирги-

зет;

ж) Кыргыз Республикасынын турпродуктусун дүйнөлүк туристтик рынок-

торго чыгарууга жана республикага чет өлкөлүк туристтерди тартууга

көмөктөшөт;

з) жайгашкан мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык

байланыштарын өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук соода-өнөр жай

көргөзмөлөрүн, жарманкелерди, конференцияларды жана семинарларды

өткөрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

органдарынын өкүлдөрүнө жана тышкы соода ишмердигинин катышуучуларына

ошол мамлекеттин өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштурууга жана

өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;

и) инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана ошол мамлекетте

тышкы экономикалык ишмердиктин кыргыз катышуучуларынын инвестициялык

иштерди жүзөгө ашыруусуна көмөктөшөт;

к) тышкы экономикалык ишмердиктин кыргыз катышуучуларына ошол мам-

лекеттин аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөрдү

издөөгө жана талдоого, ошондой эле кыргыз ишканалары жана уюмдары тара-

бынан кызматташтыкка тартылган ошол мамлекеттин жеке адамдарынын жана

юридикалык жактарынын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө көмөктөшөт;

л) өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин аймагында жүргөн жана эмгекте-

нишкен Кыргыз Республикасынын жарандарына товарларды, жумуштарды жана

кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөргө заказдарды алышына жардамдашат;

м) төмөнкүлөргө катышат:

- жайгашкан мамлекет Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык

келишимдердин шарттарын бузуусуна же ошол мамлекет Кыргыз Республикасы-

нын тышкы экономикалык ишмердигинин катышуучуларын басмырлаган мыйзам-

дарды колдонушуна байланышкан соода талаш-тартыштарын жөнгө салууга;

- тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн кыргыз жана чет өлкөлүк каты-

шуучуларынын ортосундагы соода жана башка коммерциялык талаш-тартыштар-

ды сотко чейинки этапта жөнгө салууга;

- маалыматты жана интеллектуалдык менчик объекттерин соодалоону

кошо алганда кыргыз товарларынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, инвестицияла-

рынын ошол мамлекеттин рыногуна жеткиликтүүлүгүн либералдаштыруу макса-

тында соода сүйлөшүүлөрүнө;

- Кыргыз Республикасына өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин же Кыргыз

Республикасынын ошол мамлекетке карыздарын жөнгө салууга байланыштуу

маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө;

- тышкы экономикалык байланыш, анын ичинде Кыргыз Республикасынын

ошол мамлекет менен соода, өнөр жай, экономикалык жана илимий-техника-

лык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык ке-

лишимдерин иштеп чыгууга катышат жана алардын ишке ашышын көзөмөлдөйт.

IV. Соода өкүлчүлүгүнүн иш-аракетин

уюштуруу

9. Чет мамлекетте соода өкүлчүлүгүн, ошондой эле анын региондук

бөлүмдөрүн уюштуруу, өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу жөнүндө чечим Кыр-

гыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасы-

нын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-

рлиги менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык

өнүктүрүү жана соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558

токтомунун редакциясына ылайык)

10. Соода өкүлчүлүгү юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле

өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүн

жүргүзүү үчүн зарыл штамптары жана бланктары болот.

Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана өкүлчүлүк

жайгашкан мамлекеттин мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жана

шарттарда банктарда расчеттук жана башка эсептерди ача алат.

11. Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттери-

нин милдеттенмелерине, ал эми чарбакер субъекттер соода өкүлчүлүгүнүн

милдеттенмелерине жооп бербейт.

12. Соода өкүлчүлүгүнүн ишмердигине жалпы жетекчиликти Кыргыз Рес-

публикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги жүргүзөт.

13. Соода өкүлчүлүгүнүн структурасы жана кызмат орундарынын тизме-

си Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрли-

гинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигинин макулдашылган сунушу боюнча Кыр-

гыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.

Карањыз:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 4-июлундагы

№ 397 (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү

жөнүндө) буйругу

14. Соода өкүлчүлүгүн күтүү учурдагы жылга "Республикалык бюджет

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнчө статья менен

бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

15. Соода өкүлчүлүгүнүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп

саналат. Соода өкүлчүлүгү ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн

көрсөтүлгөн мүлктү акысыз пайдаланат.

Соода өкүлчүлүгүнүн мүлкүнүн курамы жана наркы Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарына ылайык анын балансында чагылдырылат.

16. Соода өкүлчүлүгүнүн финансы-чарбалык иш-аракетин Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода

жана туризм министрлиги жана мамлекеттик финансы контролунун башка ый-

гарым укуктуу органдары контролдойт.

17. Соода өкүлчүлүгүнө анын жетекчиси (мындан ары - Соода өкүлү)

башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен

макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана

соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистринин буйругу менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн жетекчиси (мындан ары Ре-

гиондук соода өкүлү) кызматка Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минис-

трлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук коми-

тети менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүк-

түрүү жана соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Региондук соода өкүлү өз ишинде Соода өкүлүнө отчет берет.

Соода өкүлүнүн жана Региондук соода өкүлүнүн кызматына жогорку би-

лимдүү, ишмердүүлүк чөйрөсүнө дал келген, мамлекеттик же дипломатиялык

кызматта кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар жана бул кызматта иштөө

үчүн зарыл тажрыйбага ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны дайында-

лат. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-

лиги Соода өкүлү менен (Региондук соода өкүлү менен) 3 жылдык мөөнөткө

эмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндө

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги

жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ме-

нен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана

соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистринин чечими менен соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жањы мөөнөткө кай-

ра дайындалса, дагы 3 жылга эмгек келишими кайра түзүлүшү мүмкүн. Соода

өкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) жалпы иштөө мөөнөтү 6 жылдан ашпоо-

го тийиш.

Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кыз-

маткерлери кызматка Соода өкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) сунушу

боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-

рлигинин буйругу менен дайындалат жана бошотулат. Соода өкүлчүлүгүнүн

(соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кызматкеринин кызматына жо-

горку билимдүү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соо-

да министрлигинин түзүмүндө кеминде 3 жыл иштеген, эл аралык соода жана

тышкы экономикалык ишмердүүлүк жагындагы иш тажрыйбасына ээ болгон Кыр-

гыз Республикасынын жараны дайындалат. Кыргыз Республикасынын Экономи-

калык өнүктүрүү жана соода министрлиги соода өкүлчүлүгүнүн кызматкери

менен 3 жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн мөө-

нөт бүткөндө соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча эмгек кели-

шими дагы 3 жылга кайра түзүлүшү мүмкүн. Соода өкүлчүлүгүнүн (соода

өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кызматкеринин жалпы иштөө мөөнөтү 6

жылдан ашпоого тийиш.

Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) же-

текчисин, соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн)

кызматкерин кызматтан бошотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- өз каалоосу боюнча бошонуу жөнүндө арыз берүү;

- эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыроо;

- ал болгон өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы;

- кызматкер тарабынан ошол өлкөнүн үрп-адаттарын жана мыйзамдарын,

ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүм-турум жана адептик нормаларды

сактабоо;

- иш милдеттенмелерин, ошондой эле кызматкер эмгек келишимин түзүү

учурунда таанышып чыккан режимдик талаптарды бир нече ирет одоно бузуу;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка негиздер.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558

токтомунун редакциясына ылайык)

18. Соода өкүлү жана Региондук соода өкүлү дипломаттык статуска ээ

жана ошол мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү-

нүн кењешчисинин жана атташесинин рангында ошол мамлекетке аккредитте-

лет.

Соода өкүлү өз иш-аракетинде жайгашкан мамлекеттеги Соода

өкүлчүлүгүнүн башчысына же анын милдетин аткаруучу адамга отчет берет.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558

токтомунун редакциясына ылайык)

19. Соода өкүлү:

а) соода өкүлчүлүгүнүн иштерин түздөн-түз жетектейт;

б) соода өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкер-

чилик тартат;

в) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы №

558 токтомуна ылайык алынып салынды)

г) Кыргыз Республикасынын жана өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин

мыйзамдарына ылайык соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин иш мезгилин

жана эс алуу убактысынын режимин аныктайт;

д) соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүү

болгон приказдарды жана буйруктарды чыгарат;

е) соода өкүлчүлүгүнүн атынан юридикалык жана финансылык иштерди

жүргүзөт;

ж) атайын байланыш каналдары жана дипломатиялык почта аркылуу ат-

каруу бийлик органдарына жиберилүүчү документтерге өз алдынча кол коюу-

га укуктуу;

з) жасалган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода

жана туризм министрлигине квартал сайын отчет берип турат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558

токтомунун редакциясына ылайык)

20. Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө

мүчөлөрү өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарын, администрациялык

эрежелерин, ошондой эле каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого,

ошол мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү катары чечмелениши мүмкүн

болгон ар кандай аракеттерден карманууга милдеттүү.
