# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы №13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы №13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11127/edition/325813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы №13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому (23.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57025

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-январы № 13

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода

өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 23-июлундагы № 284 токтомунун

редакциясына ылайык)

Тышкы экономикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыр-

гыз Республикасынын чет мамлекеттердеги тышкы экономикалык кызыкчылык-

тарын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү

жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мурда түзүлгөн бар-

дык соода өкүлчүлүктөрү (Россия Федерациясындагы, Өзбекстан Республика-

сындагы, Германия Федеративдүү Республикасындагы жана Афганистан Ислам

Республикасындагы Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнөн тышка-

ры) жоюлсун.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 284

токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте:

- бул мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүн

жоюу жөнүндө маалыматтарды чет мамлекеттердин расмий органдарына дипло-

маттык каналдар боюнча билдирсин;

- Россия Федерациясындагы, Өзбекстан Республикасындагы, Германия

Федеративдүү Республикасындагы жана Афганистан Ислам Республикасындагы

Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракетин регламенттөө-

чү нормативдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизсин;

- Казакстан Республикасында жана Кытай Элдик Республикасында Кыр-

гыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте кир-

гизсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 284

токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-

гыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги менен бир-

дикте Россия Федерациясында, Өзбекстан Республикасында, Германия Феде-

ративдүү Республикасында, Афганистан Ислам Республикасында, Казакстан

Республикасында жана Кытай Элдик Республикасында Кыргыз Республикасынын

соода өкүлчүлүктөрүн кармоого 2006-жылдан тартып республикалык бюджет-

тен каражат бөлүүнү карасын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 284

токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республика-

сынын Экономика жана финансы министрлиги менен бирдикте соода

өкүлчүлүктөрүн ачуу максатка ылайык болгон жерлерде Кыргыз Республикасы

үчүн соода-экономикалык кызыкчылыгы бар чет мамлекеттердин тизмесин

аныктасын.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү

жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 13-октябрындагы № 636 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү

жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 13-октябрындагы № 636 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-

публикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобого толук-

тоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

3-майындагы № 272 токтому;

- "Россия Федерациясынын Борбордук федералдык округунда Кыргыз

Республикасынын региондук Соода өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-июнундагы № 399 токтому;

- "Беларусь Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода

өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

3-сентябрындагы № 598 токтому;

- "Россия Федерациясынын Сибирь федералдык округунда Кыргыз Рес-

публикасынын региондук Соода өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-майындагы № 281 токтому;

- "Чех Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн

түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-сентяб-

рындагы № 673 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 13-октябрындагы № 636 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-

публикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобого толук-

тоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 26-сентябрындагы № 608 токтому;

- "Россия Федерациясынын Түндүк-Батыш федералдык округунда Кыргыз

Республикасынын региондук Соода өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 92 токтому;

- "Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода

өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 5-апрелиндеги № 222 токтому;

- "Россия Федерациясынын Урал Федералдык округунда Кыргыз Респуб-

ликасынын Соода өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-майындагы № 367 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун 36-пункту;

- "Россия Федерациясынын Москва шаарында жана Москва облусунда

Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-сентябрындагы № 663 токтому;

- "Украинада Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн уюштуруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-сентябрындагы

№ 701 токтому;

- "Тажикстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода

өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 14-ноябрындагы № 721 токтому;

- "Россия Федерациясынын Саха Республикасында (Якутия) Кыргыз Рес-

публикасынын Соода өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-декабрындагы № 952 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Соода

өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

6-сентябрындагы № 406 токтому;

- "Ж.С.Бейшенов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-

нин 2003-жылдын 10-сентябрындагы № 319 буйругу;

- "К.С.Кожаков жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2003-жылдын 14-ноябрындагы № 376 буйругу;

- "Квон Джин Хо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-

нин 2004-жылдын 20-январындагы № 12 буйругу;

- "Н.К.Джаксыгулов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-

ринин 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 114 буйругу;

- "Н.А.Наумов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2004-жылдын 30-апрелиндеги № 163 буйругу;

- "М.С.Өмүракунов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-

ринин 2004-жылдын 18-майындагы № 216 буйругу;

- "О.В.Зубков жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2004-жылдын 8-сентябрындагы № 343 буйругу;

- "Б.Т.Абдылдаев жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-

нин 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 360 буйругу;

- "И.Г.Трафимов жөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Премьер-министри-

нин 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 361 буйругу;

- "А.К.Усувалиев жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-

нин 2005-жылдын 3-февралындагы № 50 буйругу;

- "А.О.Иматов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2005-жылдын 12-мартындагы № 112 буйругу;

- "А.К.Окенов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2005-жылдын 12-мартындагы № 113 буйругу;

- "Н.И.Валуйский жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-

нин 2005-жылдын 12-мартындагы № 114 буйругу;

- "Д.Ж.Юсупов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2005-жылдын 12-мартындагы № 115 буйругу;

- "М.А.Кармышаков жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-

ринин 2005-жылдын 14-мартындагы № 116 буйругу;

- "А.Т.Дулдаева жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2005-жылдын 6-сентябрындагы № 367 буйругу.

Премьер-министр Ф.Кулов
