# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 12 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 450 "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз учурунда бөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 12 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 450 "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз учурунда бөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57024>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11126/edition/1154588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57024.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 12 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 450 "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз учурунда бөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" (12.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57024

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-январы № 12

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

23-сентябрындагы № 450 "Азык-түлүк өндүрүшүн

көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн

грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл

чарба техникаларын өз учурунда

бөлүштүрүүнү камсыздоо

жагындагы чаралар жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү

киргизүү тууралуу

Айылдык ссуда алуучулардын Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча кредит-

тик каражаттарга кењири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, кредиттик жана

күрөөлүк документтерди өз убагында тариздөө максатында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы №

450 "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн гранты-

нын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз учурунда

бөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ликвиддүү күрөөлүк камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 15-ноябрындагы № 670 "Мамлекет тарабынан товардык жана фи-

нансылык жардам катарында алынган же тартылган мамлекеттик кредиттердин

эсебинен сатып алынган минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу

материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка материал-

дык-техникалык ресурстар түрүндө товардык кредиттерди берүүнүн жана

бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна

ылайык, берилчү айыл чарбалык техникасынын баасын кошкондо 130 процент

өлчөмдө аныкталсын;".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
