# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2265/edition/325786/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 токтому менен бекитилген) (16.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57013

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 11-январындагы

№ 7 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана

курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура

жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -

Мамкурулуш) архитектура, шаар курулуш, курулуш, инженердик

изилдөө, инженердик-техникалык жана транспорттук

инфраструктура, курулуш материалдар өндүрүшү, буюмдар жана

конструкциялар (мындан ары - шааркулуш-архитектуралык иш-

аракет), турак жай курулушу жана курулуп бүткөн объекттерди

кабыл алууну уюштуруу жагынан жөнгө салуучу, көзөмөлдөө

функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик башкаруунун

республикалык органы болуп саналат.

2. Мамкурулуш өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын

Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз

Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен

буйруктарын, өзүнүн токтомдору менен буйруктарын, ошондой

эле башка нормативдик укуктук актыларды жана ушул Жобону

жетекчиликке алат.

3. Мамкурулуш юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик

жана расмий тилдерде өз аталышы жазылган мөөрү, казыначылык

системасында алыш-бериш жана башка эсептери боюнча, ошондой

эле тиешелүү мөөрлөрү жана штамптары болот.

Мамкурулуштун борбордук аппаратынын, аймактык

органдарынын жана ведомстволук уюмдардын кармоого чыгымдарды

каржылоо мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынын

эсебинен жүргүзүлөт.

II. Негизги милдеттери

4. Мамкурулуштун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп

саналат: - шаар курулуш-архитектуралык иштер, турак жай

курулуш, курулуштун бардык түрлөрүнө жер участокторун тандоо

жана жер участогуна укуктарды берүүтө документтерди

даярдоо, курулуш комплексинде кыймылсыз мүлктү баалоо

(имараттар жана үйлөр), баа түзүү жана сметалык нормалоо

жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү;

- долбоорлоого, курууга, курулуш продукцияларын, курулуш

материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүүгө

көзөмөл жүргүзүү;

- шааркурулуш-архитектуралык иштерди лицензиялоо жана

сертификациялоо системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

- курулушта аккредитациялоо системасын уюштурууну жана

өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

- Мамкурулуштун иш- аракет чөйрөсүндө республикалык

максаттуу, илимий-техникалык жана инновациялык программалар

менен долбоорлордун, ошондой эле курулуштун,

реконструкциялоо менен ремонттук-калыбына келтирүү иштеринин

мамлекеттик заказчысынын функциясын ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасында Турак жай курулушунун

мамлекеттик программасын ишке ашыруу, турак жай курулушун

стимулдоочу механизмдерди түзүү жана калыптандыруу;

- бюджеттик каражаттардын эсебинен шааркурулуш-

архитектуралык иштер үчүн каралган финансылык ресурстарды

максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу;

- республиканын окуу жайлары менен өз ара байланышта

болуп архитектура жана курулуш тармагында адистерди

даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу.

III. Функциялары

5. Мамкурулуш ага жүктөлгөн негизги

милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

а) тармактык саясат чөйрөсүндө:

- функционалдык милдеттеринин чектеринде техникалык

регламенттерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну уюштурат

жана карайт;

- курулуш нормалары менен эрежелерин, нускамаларды жана

башка нормативдик документтерди иштеп чыгууну уюштурат жана

бекитет;

- курулуш объекттеринин долбоордук-сметалык

документтерин иштеп чыгуу, макулдашуу, экспертизалоо жана

бекитүү тартибин белгилейт;

- турак жай-жарандык жана өндүрүштүк багыттагы имараттар

менен курулмаларды, ошондой эле инженердик-техникалык жана

транспорттук инфраструкталарды текшерүүлөр жагынан

нормативдик-методикалык камсыздоону ишке ашырат;

- калктуу конуштардын жерлеринде курулуш куруу жана жер

пайдалануу эрежелерин иштеп чыгууга катышат;

- курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун

тандоону жана жер участкаларына укуктарды берүүгө тийиштүү

документтерди даярдоону ишке ашырат;

- өндүрүштүк жана турак жай-жарандык багыттагы

объекттерди куруу үчүн эксперименттик, типтүү жана базалык

долбоордук чечимдерди иштеп чыгууну уюштурат жана бекитет,

курулуш максаттары үчүн алдыњкы технологияларды,

жабдууларды, приборлорду, машиналарды, механизмдерди жана

шаймандарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт, аларды

өндүрүү жана өздөштүрүү боюнча иштерди уюштурат;

- инженердик табылгалар жагынан бирдиктүү техникалык

саясатты ишке ашырат, анын ичинде курулуш үчүн комплекстүү

инженердик табылгалардын мамлекеттик фондун түзүүнү жана

жүргүзүүнү уюштурат; курулуш жана жер пайдалануу эрежелери,

бекитилген шааркурулуш документтери жок же жогоруда

көрсөтүлгөн документтерде белгиленген параметрлерден четтеп

кеткен учурларда калктуу конуштарда курулуш жана жер

участокторун пайдалануу боюнча чечимдерди даярдайт;

- эл аралык стандарттарга, нормаларга жана эрежелерге

улуттук стандарттарды, курулуш нормалары менен эрежелерин

шайкеш келтирүүнү камсыздайт;

- долбоордук жана курулуш продукциясына баалар боюнча

рекомендацияларды иштеп чыгат жана бекитет;

- курулуштун сметалык наркын аныктоонун негизги

принциптерин иштеп чыгат;

- материалдык ресурстарды сарптоонун сметалык-

нормативдик базасын жана нормативдик көрсөткүчтөрүн иштеп

чыгууну жана бекитүүнү; курулуш наркын аныктоодо

колдонулуучу бааларды өзгөртүү индекстерин иштеп чыгууну

уюштурат»

- курулу.шта эмгекти нормалоону методикалык камсыздоону

ишке ашырат;

- ар кандай багыттагы курулуш объекттерин,

архитектуралык, шааркурулуш документтерин, илимий-изилдөө

иштерин, инженердик, транспорттук, социалдык

инфраструктураларды өнүктүрүү схемаларын жана долбоорлорун

жана аймактарды ыњгайлаштырууларды мамлекеттик экспертиза

жүргүзүүнү камсыз кылат;

- курулушта, курулуш материалдар, буюмдар жана

конструкциялар өндүрүшүндө сертификациялоо системасын

уюштурууну жана өнүктүрүүнү камсыздайт;

тармакта шайкештикти баалоо органдарын

аккредитация системасын ишке ашырат жана өнүктүрүүнү

камсыздайт;

- тиешелүү аткаруу бийлик органдары менен бирдикте

ипотеканы ишке киргизүүнү камсыздайт;

- архитектуралык-курулуш адистиги боюнча мамлекеттик

билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга катышат жана

макулдашуу жүргүзөт;

- ведомстволук органдар, кызматтар, подразделениелер

көрсөтүүчү кызматтарга тарифтерди белгиленген тартипте

бекитет;

- бюджеттик, салык, социалдык жана ипотекалык кредиттик

саясат боюнча, курулушту каржылоо жана инвестирлөө,

кыймылсыз мүлк рыногун түзүү, кыймылсыз мүлктү баалоо,

архитектура, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, аларды

сактоо жана пайдалануу боюнча чараларды көрүү, республикалык

маанидеги музейлерди жана мемориалдык объекттерди түзүү

жагынан нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп

чыгууга катышат;

-. Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер

боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте

долбоорлоого, курулушка, реконструкциялоого,

реабилитациялоого, капиталдык ремонтко подряддык тооруктарды

өткөрүү тартибин иштеп чыгат, ошондой эле көрсөтүлгөн

иштердин чөйрөсүндө подряддык иштерге товарлар менен кызмат

көрсөтүүлөрдү берүүдө тооруктарга катышат;

- Мамкурулуштун компетенциясынын чектеринде мамлекеттик

башка органдар даярдаган нормативдик укуктук актылардын

долбоорлору боюнча корутунду берет;

- Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардан жапа

чеккен калкына узак мөөнөттүү ссудаларды берүү жана кайтарып

алуу боюнча бирдиктүү органдын функциясын аткарат;

б) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө

чөйрөсүндө:

- өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-калыбына

келтирүү иштерин координациялоого катышат, курулуучу жана

пайдаланууга берилүүчү имараттар менен курулмалардын

аварияларынын себептерине териштирүү жүргүзөт;

- техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга, алар

иштелип чыкканга чейин - нормативдик укуктук актыларда

жана/же стандарттарда белгиленген жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген курулуш

нормалары менен эрежелеринин жана башка милдеттүү тапаптарды

аткарууга мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;

- нормативдик укуктук актыларды, техникалык

регламенттерди, шааркурулуш документтерин, курулуш жана жер

пайдалануу эрежелери бузулган учурда, ошондой эле уруксат

берүүчү зарыл документтер жок болсо администрациялык

жоопкерчилик жөнүндө ишти карайт жана Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында каралган тиешелүү санкцияларды кабыл алат;

- курулуш-монтаждоо иштеринин жана колдонулуучу курулуш

материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатына,

лицензия берүүчү субъекттердин лицензиялык талаптарды

сакташына, сертификацияланган товарларга инспекциялык

контролду ишке ашырат;

- тартип бузуулар аныкталса, белгиленген тартипте

лицензиялардын колдонулушун токтотот жана жоет;

- менчиктештирилүүчү мамлекеттик мүлктүн процессинде

жарандык, турак жай, өнөр жайлык, социалдык багыттагы

объекттерди жана эс алуу, туризм объекттерин,

технологияларды, курулуш материалдар өндүрүшүн, буюмдардын

жана конструкциялардын наркын баалоого катышат;

- курулуш, курулуш материалдар өнөр жайы, буюмдар жана

конструкциялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн акционердик

коомдордун мамлекеттик менчикке акцияларын белгиленген

тартипте оперативдүү (ишенимдүү) башкарууга өткөрүп берүү

жөнүндө сунуштарды даярдоого катышат;

- кыймылсыз мүлк рыногун түзүү маселелерин чечүүгө

катышат;

- мамлекеттик мүлктү башкаруучу мамлекеттик башкаруу

органы, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен

бирдикте курулушу бүтпөгөн турак үйлөрдү жана башка

объекттерди (республикалык жана жергиликтүү бюджеттен

каржыланган) курулушун бүткөрүү же болбосо сатуу жөнүндө

чечим кабыл алат;

- жарнамалык-тариздөө, дизайнердик долбоорлорго жана

түзүлүштөргө мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;

- объекттерди, турак жай кварталдарын жана райондорун

комплекстүү куруу боюнча заказчылардын ыктыярдуу бирикмелери

менен биргелешип аракеттенет;

- долбоорлоо, куруу, курулуш материалдарьш, буюмдарды,

конструкцияларды өндүрүү чөйрөсүндө чакан жана орто

ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшөт;

- республикалык жана облустук, шаардык конкурстарды,

көргөзмө-жарманкелерди өткөрүүнү уюштурат, алардын ишине

катышат, архитектурада жана курулушта көргөзмө иштерин

өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелеринде методикалык жана

консультациялык жардам көрсөтөт;

- шаар курулуш-архитектуралык иштер жаратында эл аралык

кызматташууга катышат;

- коомдук бирикмелер, союздар жана башка уюмдар менен өз

ара аракетти уюштурат.

в) кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:

- архитектуралык-пландоо, инженердик-пландоо

тапшырмаларын жана башка долбоордук материалдарды иштеп

чыгууну жүзөгө ашырат;

- жер участокторуна укуктарды берүү боюнча

документтерди, жер участокторунун пландарын тандоо жана

даярдоо иштерин жүргүзөт;

- архитектуралык-шаар курулуш документтерин иштеп

чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;

- долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзөт

жана макулдашат;

- инженердик тармактарды аткаруучулук сүрөткө тартууну

жүргүзөт;

- шаар курулуш-архитектуралык иштер жагында мамлекеттик

программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча

мамлекеттик заказчынын функциясын аткарат, бул

программаларды илимий-техникалык жана тажрыйбалык-

конструктордук иштерин түзүүгө жана ишке ашырууга,

мамлекеттик максаттар үчүн курулуш объекттеринин тизмесин

түзүүгө катышат, аларды ишке ашырууну контролдойт;

- жер-жерлерде имараттар менен курулмалардын окторун

жана чектерин ("натурасын" аныктоо), негизги магистралдык

инженердик коммуникациялардын окторун, ошондой эле

четтеринин линиялык параметрлерин белгилөөнү ишке ашырат;

- шааркурулуш-архитектуралык иштер чөйрөсүндө кызыкдар

жактарга маалымат берет;

- курулуш материалдарына, буюмдарга, конструкцияларга

сыноо жүргүзөт;

- бирдиктүү шаар курулуш кадастр системасын жана

кыймылсыз мүлктү баалоону ишке ашырат;

- архитекторлордун, инженерлердин, дизайнерлердин жана

курулуш тармагында долбоорлорду жана ойлоп табууларды иштеп

чыгууга катышуучу башка адистердин автордук укуктарын

коргоону ишке ашырат;

г) колдоо чөйрөсүндө:

- ведомстволук уюмдарды оперативдүү башкарууну ишке

ашырат;

- маалыматтык тармак түзөт, иш-аракеттин негизги

багыттары боюнча маалыматтык фонддорду, маалыматтар базасын

жана банктарын жүргүзөт;

- шаар курулуш жана архитектура жагынан маалыматтык

басма иштерин жүргүзөт;

- тармактын кызматкериерин социалдык коргоо боюнча

чараларды иштеп чыгат;

- Мамкурулуш органдарынын жана мекемелеринин кадрларын

тандоону, жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну

уюштурат;

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын каттары,

арыздары жана даттануулары менен иш жүргүзөт;

- илимий-методикалык камсыздоону уюштурат жана калктуу

конуштардын дежур пландары менен катар мамлекеттик шаар

курулуш кадастрын жүргүзөт, шаар курулуш иштеринин

объекттери боюнча мониторингди ишке ашырат;.

- илимий изилдөө иштерин жүргүзүунү уюштурат, шаар

курулуш-архитектуралык иштер жагынан статистикалык

отчеттуулукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

курулуштагы эмгек коопсуздугу боюнча техникалык

нормативдерди иштеп чыгат жана курулуш иштер жагындагы

субъекттердин аларды аткарышына белгиленген тартипте

мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;

- Мамкурулуштун иштерин укуктук камсыздоо боюнча иштерди

жүргүзөт.

д) жөнгө салуу чөйрөсүндө:

- шааркурулуш документтеринин, курулуш жана жер

пайдалануу эрежелеринин негизинде шаарларда, калктуу

конуштарда жана рекреациялык зоналарда курулушту жана жер

пайдаланууну жөнгө салууну ишке ашырат;

- курулушка, реконструкциялоого, кайра профилдештирүүгө,

ошондой эле кыймылсыз мүлктү архитектуралык өзгөртүүлөргө

уруксат берет;

- турак жайларды куруудан ошондой эле шаар курулуш-

архитектуралык ишмердикти сертификациялоодон тышкары

шааркурулуш ишмердигин, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк

имараттар менен курулуштарды долбоорлоо-изилдөө иштерин,

курулуш-монтаждоо иштерин лицензиялоону ишке ашырат;

- КМШнын лицензиялык органдары тарабынан берилүүчү

курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензияларды өз ара таануу

жөнүндө макулдашуунун негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер

Шериктештигине катышкан мамлекеттердин курулуш иштеринин

субъекттерин лицензиялоо процедурасын жүргүзөт;

курулуш тармагынын адистерин квалификациялык

сертификациялоону жүргүзөт, бул үчүн зарыл болгон

нормативдик, уюштуруу жана окутуу-методикалык документтерди

бекитет, шааркурулуш-архитектуралык иштер жагынан адистерди

даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, ошондой эле

окутууну ишке ашырат;

- курулуш тармагындагы коопсуздук техникасы жана эмгекти

коргоо боюнча башкаруучу жана инженердик-техникалык

кызматкерлерди аттестациялоо жүргүзөт;

IV. Ыйгарым укуктары

6. Мамкурулуш ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу

максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

- эл аралык уюмдардын шааркурулуш-архитектураяык -

иштерине байланыштуу иштерине толук укуктуу мүчө катарында

катышууга;

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, мамлекеттик

комитеттеринен, администрациялык ведомстволорунан,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка

мамлекеттик органдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

аймагында жайгашкан ишканалардан, уюмдардан жана

мекемелерден (менчигинин түрүнө жана ведомстволук

таандуулугуна карабастан) зарыл учурларда Мамкурулуштун

функционалдык милдеттерине жана иштерине тиешелүү маселелер

боюнча маалымат алууга;

- ведомстволук ишканалардын, уюмдардын зарыл учурларда

приказдарын жана буйруктарын жоюуга;

- өз компетенциясынын чектеринде приказдарды, жоболорду

жана башка нормативдик укуктук актыларды чыгарууга;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында

каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

V. Иш-аракетти уюштуруу

7. Мамкурулушка Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти

тарабынан дайындалуучу директор башчылык кылат.

Мамкурулуштун борбордук аппаратында статс-катчысынын

жана бир орун басардын орду каралат. Статс-катчы Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

дайындалат. Директордун орун басары Мамкурулуштун

директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-

министри тарабынан дайындалат.

8. Мамкурулуштун директору:

- Мамкурулуштун иштерине жетекчилик кылат, ага жүктөлгөн

милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат,

Мамкурулуштун иштеринин өзүнчө багыттарына жетекчилик үчүн

директордун орун басарынын жана статс-катчынын иштерин

координациялайт жана контролдойт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү

башчылары менен макулдашуу боюнча архитектура, курулуш

боюнча башкармалыктардын аймактык органдарынын жетекчилерин

кызматка дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот;

- Мамкурулуштун иш-аракет чөйрөсүнө кирген маселелер

боюнча чечимдерди кабыл алат;

- Мамкурулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнча

министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор жана башка аткаруу органдары менен биргелешкен

аракетти уюштурат;

- подразделениелер жөнүндө жоболорду бекитет,

Мамкурулуштун борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана

ведомстволук структуралардын жетекчи кызматкерлерин ишке

дайындайт жана бошотот;

- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну контролдойт,

адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, алардын

квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

- эмгек тартибин сактоону контролдойт, эмгек шарттарын

андан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз

кылат;

- ведомстволук уюмдардын жоболорун (уставдарын),

структурасын, кызмат орундарынын тизмесин бекитет;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш

инспекторлорун ишке дайындайт жана бошотот;

- компетенциясынын чектеринде приказдарды, буйруктарды

жана башка нормативдик чечимдерди чыгарат;

- Мамкурулуштун атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамкурулуштун мүлкүн

жана каражатын тескейт.

9. Директор жок учурда анын милдетин статс-катчы

аткарат.

10. Мамкурулуштун алдында Шааркурулуш кењеши түзүлөт,

анын Жобосу жана курамы Мамкурулуш тарабынан бекитилет.

11. Мамкурулушта 7 мүчөдөн турган коллегия түзүлөт, анын

курамына Мамкурулуштун кызматы боюнча коллегиянын курамына

кирүүчү директору (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана

орун басары, ошондой эле Мамкурулуштун структуралык

подразделениелеринин жетекчилери, курулуш тармактарынын

жетектөөчү адистери, Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын өкүлү кирет.

Коллегиянын жеке курамы, анын курамына кызматы боюнча

кирген адамдардан башкалары Мамкурулуштун директорунун

сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

тарабынан бекитилет.

Коллегия такай өткөрүлчү өзүнүн заседаниелеринде

Мамкурулуштун ишинин белгиленген чөйрөсүндө маанилүү

милдеттердин аткарылышынын жүрүшүн карайт.

Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык кылуучу добуш

берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Бул чечимге макул

болбогон коллегия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

жазуу жүзүндө өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

12. Мамкурулуш анын компетенциясына кирген маселелер

боюнча ведомстволор аралык кењештердин жана комиссиялардын

иштерин уюштуруучулук-техникалык камсыздоону ишке ашырат.
