# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы №6 ""Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомун жана "Бишкек и штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кайра жаратуунун жана экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы №6 ""Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомун жана "Бишкек и штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кайра жаратуунун жана экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11120/edition/753423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы №6 ""Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомун жана "Бишкек и штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кайра жаратуунун жана экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасы жөнүндө" токтому (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57011

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 11-январы, №6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомун жана "Бишкек

и штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кайра жаратуунун

жана экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки

программасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик машина куруунун мурдагы

флагмандарынын бири "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коому

азыркы убакта оор экономикалык абалда тургандыгын белгилейт. Негизги

цехтер токтоп, заводдун финансылык көрсөткүчтөрү начарлап кеткен.

Заводдун бюджетке карызы 33,05 млн. сомду, Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондуна карызы - 85,8 млн. сомду, анын ичинде "Бишкек машина

куруу заводу" акционердик коомунуку - 67,2 млн. сомду, "Бишкек

штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын карызы - 18,7 млн. сомду,

эмгек акы төлөө боюнча - 8,8 млн. сомду түзөт.

2010-жылга чейин заводду кайра жаратуу жана экономикалык жактан

өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аркылуу заводду өнүктүрүү үчүн

шарттарды түзүү, кайталангыс өндүрүштүк-технологиялык потенциалды

натыйжалуу пайдалануу, машина куруу, айыл чарбасы үчүн өндүрүш

каражаттарын даярдоо бөлүгүндө тике инвестицияларды тартуу аркылуу

стратегиялык инвесторлор менен жањы биргелешкен өндүрүштөрдү жана

ишканаларды түзүү, атайын айыл чарбалык жана башка техникалар

өндүрүшүн уюштуруу, атаандашууга жөндөмдүү продукция чыгаруу, жањы

жумушчу орундарын түзүү, бюджетке жана Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондуна каражаттардын туруктуу түшүшүн камсыздоо үчүн акча

каражаттарын түзүү процессин стимулдоо максаттарында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомун жана "Бишкек

штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кайра жаратуунун жана

экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки тиркелген

программасы (мындан ары - Программа) жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык

инспекциясы:

- "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомуна жана "Бишкек

штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасына макулдашылган графикке

ылайык белгиленген тартипте бюджетке салыктар боюнча учурдагы

төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берсин жана бюджетке

мурда топтолгон карыздарын төлөө мөөнөтүн узартсын;

- "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомуна жана "Бишкек

штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы бекиткен графикке

ылайык бюджетке төлөмдөр боюнча карызын төлөөнү 2009-жылдын 1-

январынан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин кийинкиге жылдыруу

мөөнөтүн берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети акциялардын пакетинин мамлекеттик үлүшүнө

эсептелген дивиденддер боюнча топтолгон 12165 мињ сом суммасындагы

карызын төмөнкүдөй шарттарда жоюу боюнча "Бишкек машина куруу заводу"

акционердик коому менен Карыз милдеттенмесин түзсүн:

- 2006-жылдын 1-апрелинен тартып төлөй баштоо менен дивиденддер

боюнча карызын жоюу мөөнөтүн 2008-жылдын 31-декабрьша чейин узартуу;

- дивиденддерди пайдалануу үчүн проценттик ставканы 2005-жылдагы

орточо инфляциянын болжолдук дењгээлине барабар жана ага кошумча

жылдык 1 процент өлчөмүндө белгилөө;

- төлөмдөрдү квартал сайын, бекитилген графикке ылайык бирдей

үлүштөр менен төлөө;

- мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр үчүн жылдык 5 процент өлчөмүндө айып

санкцияларын белгилөө.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна "Бишкек машина куруу

заводу" акционердик коомуна жана "Бишкек штамптоочу заводу"

мамлекеттик ишканасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча

камсыздандыруу взностору жагынан карыздарын төлөөнү Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2006-жылдын 1-апрелинен тартып

2012-жылдын 1-апрелине чейин кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берүү сунуш

кылынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги тике инвестицияларды

тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында "Бишкек машина куруу заводу"

акционердик коомунун менчик укугун каттоону камсыз кылсын.

6. "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомуна Программаны

ишке ашыруу боюнча таасирлүү чараларды көрүү сунуш кылынсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жуктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
