# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылындагы 6-январындагы № 4 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылындагы 6-январындагы № 4 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 06.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11118/edition/1154586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылындагы 6-январындагы № 4 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө" токтому (06.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57009

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 6-январы № 4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жалалабат облусунун Токтогул районунун

аймагында Токтогул ГЭСин жана суу

сактагычты куруудан келтирилген зыянды

компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

макулдугу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты О.М.Артыкбаев

тарабынан демилге кылынган "Жалалабат облусунун Токтогул районунун ай-

магында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирилген зыянды

компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген

корутундуга ылайык макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2006-жылдын 6-январы № 11-57/30

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине

"Жалалабат облусунун Токтогул районунун

аймагында Токтогул ГЭСин жана суу

сактагычты куруудан келтирилген зыянды

компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаты О.М.Артыкбаев тарабынан демилге кылынган "Жалалабат

облусунун Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сакта-

гычты куруудан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга өзүнүн расмий

макулдугун берет.

Каралуучу мыйзам долбоорунда Жазы-Кечүү айылында жашаган адамдар

"Жазы-Кечүү айылын Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Токтогул

районунун курамынан чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалалабат облу-

сунун Каракөл шаарынын администрациялык-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-февралындагы 43 Мыйзамы

кабыл алынгандыгына байланыштуу жоготкон укуктарын калыбына келтирүү

болжолдонгондугун көњүлгө алуу менен "Жалалабат облусунун Токтогул рай-

онунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты куруудан келтирил-

ген зыянды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын

12-сентябрындагы № 122 Мыйзамынын 1-статьясынын текстине гана эмес,

ошондой эле аталышына жана 2, 7 жана 8-статьяларынын тексттерине да

"жана Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылы" деген сөздөрдү киргизүү зарыл.

Мындан тышкары, 2 жана 8-статьяларынын тексттерин аларда бир нече

райондор жөнүндө эскертилгендигин жоюу жагынан оњдоо зарыл.

Премьер-министр Ф.Кулов
