# Кыргыз Республикасынын Окмоту жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 637/37/7 "Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмоту жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 637/37/7 "Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 637/37/7
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11115/edition/325768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмоту жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 637/37/7 "Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтом (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57002

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН

ТОКТОМУ

2005-жылдын 30-декабры № 637/7/7

Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга

микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү

стратегиясын бекитүү жөнүндө

Алыскы айыл региондорунда финансылык кызмат көрсөтүүгө калктын

жеткиликтүүлүгүн кењейтүү жана кошумча жумуш орундарын түзүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

токтом кылышат:

1. Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону

өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү тиркелген стратегиясы бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, финансы-кредиттик мекемелер жана алардын ассоциациялары (макул-

дашуу боюнча):

- Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону

өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясында каралган иш-чараларды ишке

ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен

Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн

орто мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылы-

шынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берип

турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы отчеттук жарым жылдыктан

кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасында

2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү страте-

гиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берип турсун.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы

Ф.Кулов У.Сарбанов
