# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 643 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 643 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 643
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11114/edition/325767/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 643 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57001

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-декабры, №643

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Спирт жана алкоголдук продукция чыгаруу жана сатуу чөйрөсүндө

контролду күчөтүү, арак жана ликер арак ичимдиктерин чыгаруу укугуна

лицензиясы бар чарбакер субъекттер тарабынан салыктык төлөмдер жана

жыйымдар боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтому менен

бекитилген Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун

"Пиво, вино, шампан, ликер-арак, коньяк ичимдиктерин жана спиртти

даярдоо боюнча иш-аракетти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү" деген 28-

главанын 4-пунктундагы "50" деген сан "100" деген санга алмаштырылсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Спиртти жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жана

сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

ишке ашыруу механизмин камсыздоо боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-апрелиндеги № 230 токтому;

- "Спиртти жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жана

сатууга мамлекеттик монополияны камсыздоого контролду күчөтүү боюнча

чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-

июлундагы № 385 токтомунун 18-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-

жылдын 11-мартындагы №116 токтомунун 3-пункту.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
