# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 642
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11113/edition/325765/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери жөнүндө" токтому (15.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57000

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 15-августундагы № 334 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-декабрындагы № 642

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика

жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-

лекетгик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" 2005-жылдын

30-ноябрындагы № 607 Жарлыгын аткаруу жана республикада электр, жылуу-

лук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө

жана керектөөдө ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз-

доо, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, ишканалар, уюмдар жана

мекемелер отунду жана энергияны натыйжалуу пайдаланышын контролдоо сис-

темасын өркүндөтүү максатында Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ

боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамэнергоинспекция) Кыргыз

Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү

боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамле-

кеттик инспекциянын укугун улашуучу болуп санала тургандыгы белгилен-

син.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ бо-

юнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ бо-

юнча мамлекеттик инспекциянын структурасы.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ

боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин

жогорку саны 117 адамдан (тейлөөчү кенже персоналды кошпогондо) турары

белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Мамэнергоинспекция шарттуу техникалык бирдиктердин көлөмүнө жа-

раша энергокомпаниялардан чегерилүүчү каражаттардын, ошондой эле Мамэ-

нергоинспекция көрсөткөн акы төлөтүүчү кызматтарды кошо алганда Кыргыз

Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка

булактардын жана түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлө тургандыгы;

- Мамэнергоинспекцияны күтүүгө энергокомпаниялардан чегерүүлөрдөн

өлчөмдөрү электр жылуулук энергиясына жана газга тарифтерде энергоком-

паниялардын чыгымдарын кароочу Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы

саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги тарабынан

белгилене тургандыгы;

- акы төлөтүүчө кызматтардын өлчөмдөрү Мамэнергоинспекциянын суну-

шу боюнча Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-

даштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен макулдашьшып жана

белгиленген тартипте бекитиле тургандыгы.

5. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Электр станцияла-

ры", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр",

"Кыргызгаз", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдоруна Мамэ-

нергоинспекцияны күтүүгө акча каражаттарын которууга Мамэнергоинспекция

менен келишимдерди түзүү сунуш кылынсын.

6. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдын-

дагы мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү бо-

юнча борбор" мамлекеттик ишканасы Мамэнергоинспекцияга Бишкек шаары,

Иса Ахунбаев көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан мамлекетгик администрация-

лык имараттын гаражынын жайын кошо алганда өндүрүштүк-лабораториялык

корпустун биринчи кабатындагы жайларды ижара акысын албастан бекитип

берсин.

7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалалабат электр",

"Чыгыш электр" жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдору менен бирдик-

те № 1 тиркемеге ылайык жайларды ижара акысын албастан Мамэнергоинспек-

циянын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тар-

типте чечсин.

8. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" жана "Электр станция-

лары" ачык акционердик коомдоруна № 2 тиркемеге ылайык жайларды Мамэ-

нергоинспекцияга ижара акысын албастан мөөнөтсүз ижара шарттарында бе-

китип берүү сунуш кылынсын.

9. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-стать-

ясына, "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

8-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык электр, жылуулук энергия-

сын жана жаратылыш газын өндүрүүнүн, берүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана ке-

ректөөнүн ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо,

ошондой эле аларды натыйжалуу пайдаланууну контролдоону ишке ашыруу

функциясы Мамэнергоинспекцияга берилсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
