# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 641
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11112/edition/858976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө" токтому (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56999

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-декабры, № 641

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун,

реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык

долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 18-августундагы № 346 токтомунун

2008-жылдын 27-декабрындагы № 726 редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары өзгөртүп уюшудганга

байланыштуу жана республикада эл аралык финансылык институттар

тарабынан каржыланчу автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана

реабилитациялоо боюнча иштерди координациялоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун,

реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун

башкаруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун,

реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун

башкаруу комитети инвестициялык долбоорлорду жылдыруу жана

мониторингдөө, анын ичинде долбоорлорду ишке ашырууда болгон

проблемаларды талкуулоо боюнча квартал сайын заседание өткөрсүн.

3. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 178

«Республикадагы автомобиль жолдорун куруунун жана реабилитациялоонун

инвестициялык долбоорлорун Башкаруу комитетин түзүү жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги №

178 «Республикадагы автомобиль жолдорун куруунун жана

реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун Башкаруу комитетин түзүү

жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-январындагы № 44 токтому.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 30-декабрындагы

№ 641 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун

куруунун, реконструкциялоонун жана

реабилитациялоонун инвестициялык

долбоорлорун башкаруу комитетинин

КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-декабрындагы № 726 токтомунун

редакциясына ылайык)

Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-

кациялар министри, комитеттин төрагасы.

Комитеттин мүчөлөрү:

Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-

тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент-

тиктин директору;

Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-

нистринин орун басары;

Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана

соода министринин орун басары;

Уезбаев У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

курулуш, транспорт жана коммуникациялар

бөлүмүнүн референти;

Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

тышкы финансылык жардам башкармалыгынын началь-

ниги.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
