Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 30-декабрындагы
№ 636 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №323 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча
мамлекеттик агенттик (мындан ары - Дин иштери боюнча мамагенттик)
диний чөйрөдө мамлекеттик саясат жүргүзүүчү администрациялык ведомство
болот.
2. Дин иштери боюнча мамагенттик өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого
ылайык жүргүзөт.
3. Дин иштери боюнча мамагенттик юридикалык жак болот, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн
аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, Кыргыз
Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери
болот.
II. Дин иштери боюнча мамагенттиктин негизги милдеттери,
функциялары жана укуктары
4. Дин иштери боюнча мамагенттиктин негизги милдеттери төмөнкүдөй:
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу;
- аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселеси боюнча
иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, диний ишеним жана дин
тутуу эркиндигин гарантиялоочу башка нормативдик укуктук актылардын
жоболору сакталышын, динге жана диний уюмдарга байланыштуу Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктары жана буйруктары, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары аткарылышын
контролдоону өз компетенциясынын чегинде камсыздоо;
- дин тутуу эркиндигинин укуктук гарантияларын камсыздоо, мамлекет
менен диний уюмдардын өз ара мамилесин укуктук жөнгө салууну андан ары
өркүндөтүү;
- демократиялык, динге негизделбеген, ачык, көп диндүү жарандык
коомдун дөөлөттөрү, принциптери жана артыкчылыктары үгүттөлүшүн
камсыздоо, конфессиялар арасындагы көтөрүмдүүлүктү жана тынчтыкты
чыњдоо жана сактоо;
- коомдун идеологиялык негизин өнүктүрүүдө, жалпы адамзаттык
моралдык жана диний дөөлөттөргө негизделген коомду баш коштурууда
Кыргызстандын элдеринин рухий-абийирдик потенциалын, маданий жана
дүйнөгө көз караштык мурастарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды
түзүү;
- «эч бир дин мамлекеттик дин катары орнотулбайт» деген принциптин
ишке ашырылышына катышуу;
мамлекет менен конфессиялар ортосундагы мамилелерди
калыптандыруу, диний тиешеси боюнча басмырлоонун бардык формаларын
жоюучу чараларды ишке ашыруу;
- жарандардын саламаттыгына, абийирине, укуктарына жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, өлкөнүн
коргонуусуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч
туудурган диний уюмдардын иштерине колдонуудагы мыйзамдарга ылайык
тыюу салуу жана токтотуу;
- республиканын аймагында диний экстремизмди болтурбоо боюнча
ведомстволор аралык байланыштагы иш-аракеттин чараларын иштеп чыгуу;
- коомдун рухий жана абийирдик негиздерин чыњдоого, ар кайсы
диндерди тутунгандар арасында чыр-чатактардын алдын алууга жана өз ара
көтөрүмдүү мамилени орнотууга, адамдын дин тутуу эркиндигине укуктарын
ишке ашыруу жана сактоо жагындагы нормативдик укуктук базаны
өркүндөтүүгө багытталган долбоорлорду, программаларды түзүү жана ишке
ашыруу.
5. Дин иштери боюнча мамагенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди
аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын диний ишеним жана дин тутуу эркиндиги
маселесине, диний уюмдардын иштерине тиешелүү нормативдик укуктук
актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат, аларды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет, дин маселеси
боюнча нормативдик актылардын долбоорлоруна эксперттик расмий
корутундуларды берет;
- өз компетенциясынын чегинде чечимдерди, бардык министрликтер жана
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик уюмдар жана
мекемелер аткарышы милдеттүү болгон ведомстволор аралык
нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү чыгарат;
- дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү диний абалга талдоо жана
мониторинг жүргүзөт, мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара
байланышы жагьшдагы дүйнөлүк тажрыйбаны изилдейт;
- чет өлкөлөрдүн жана КМШ өлкөлөрүнүн диний чөйрөдөгү мыйзамдарын
изилдейт, коњшу өлкөлөрдүн ушул сыяктуу мамлекеттик органдары менен
диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу маселеси боюнча өз
ара байланышта иш жүргүзөт;
- диний экстремизмдин жана терроризмдин, псевдо-диний агымдардын
иштеринин, жарандардын саламаттыгына, абийирине, укуктарына жана
мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине,
өлкөнүн коргонуусуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же
коркунуч туудурган диний топтордун иштери жайылышын алдын алуу жана
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышат;
б) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- диний уюмдарды, диний маанидеги объекттерди (мечиттерди,
чиркөөлөрдү, храмдарды, сыйынуучу үйлөрдү ж.б.), Кыргыз Республикасына
диний иш жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк уюмдардын миссияларын
жана чет өлкөлүк жарандарды, республикада иштеген диний окуу жайларды
эсептик каттоого алат;
- тийиштүү ведомстолор менен бирдикте диний арналыштагы объекттерди
куруу боюнча документтерди кароо ишин жүргүзөт жана кароонун жана
макулдашуунун бирдиктүү тартибин аныктайт;
- диний адабияттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү
аныкталган тартипте макулдашат жана алынып кирүүчү диний адабиятка
экспертиза жүргүзүлүшүн жана корутунду даярдалышын камсыздайт;
- диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар түрдүү
жапырт иш-чараларды жүргүзүүсүн макулдашат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний уюмдардын, чет
өлкөлүк диний уюмдардын миссияларынын жана миссионерлеринин, диний
окуу жайлардын ишин токтото туруу жөнүндө чечим чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдөгү диний
борборлордо окуу максатында чыгуу процессин жөнгө салат, тийиштүү
уюмдар жана ведомстволор менен чыгуунун тартибин жана процедурасын,
ошондой эле макулдашуу механизмин аныктайт;
- мамлекеттик башкаруу жана сот органдарынын суроолору боюнча өз
ыйгарым укуктарынын чегинде сунуштарды, кењештерди жана расмий
эксперттик корутундуларды берет.
в) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- диний уюмдарга мамлекеттик органдар менен байланыш түзүүгө
көмөктөшөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын чечимин талап кылган
маселелер боюнча керектүү жардам көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында диний иш жүргүзүшкөн
миссионерлерге, чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо көрсөтүү боюнча
аныкталган тартипте макулдашуу жүргүзөт;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
г) ишти контролдоо, координациялоо жана мониторингдөө чөйрөсүндө:
- диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын
контролдойт;
- эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин тийиштүу органдары менен
дин, динге негизделген экстремизмге жана терроризмге каршы курөшүү
жагында өз ара байланышта иш жүргүзөт жана маалымат алмашат;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик
органдардын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга,
Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний муктаждыктарын жана
керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү
маселеси боюнча иштерин координациялайт;
- диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча
рекомендацияларды иштеп чыгууга, мамлекеттик органдардын жана диний
уюмдардын коомдо тынчтыкты сактоого, ыймандуулукту жана абийирдүүлүктү
чыњдоого, диндер арасындагы көтөрумдүүлүккө, конфессиялар арасындагы
мамилелерди гармониялаштырууга жетишүүгө багытталган күч-аракеттерин
координациялоого арналган Дин иштери боюнча ведомстволор аралык
кењештин ишин уюштурат жана координациялайт;
- диний уюмдардын мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен
коомдун социалдык проблемаларын чечүү боюнча кызматташып иштешүүсүн
координациялайт жана багыттайт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышта иш
жүргүзөт, ошондой эле өзүнүн редакциялык-басма ишин жүргүзөт;
Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө, мамлекеттик органдарга, калкка, коомчулукка коомдогу диний
абал, диний уюмдардын иштери жана Кыргыз Республикасынын дин жана
диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарынын сакталыш абалдары жөнүндө маалымат
берет;
- коомдун социалдык маанилүү маселелерин чечүүдө диний, өкмөттүк
эмес уюмдар менен андан аркы биргелешип иштөө үчүн эл аралык уюмдар
менен кызматташат;
- республиканын элдеринин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүнүн
өнүгүшүнө коркунуч келтирген диний ишмердикти болтурбоо жана токтотуу
боюнча иш жүргүзөт;
- Дин иштери боюнча мамагенттик менен Сауд Аравиясы Королдугунун
Ажылык боюнча министрлигинин ортосундагы макулдашуулардын шарттары
жана Сауд Аравиясы Королдугунун компетенттүү органдары аныктоочу
Зыяратты уюштуруунун эрежелери сакталышы боюнча материалдарды Дин
иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин заседаниесине даярдайт;
- диний иш жүргүзгөн, бирок эсептик каттоого тургандан качкан жана
жарандардын моралдык, абийирдик жана дене-бой абалдарына зыян
келтирген диний топторду, чет өлкөлүк жарандарды аныктайт жана алар
менен иш жүргүзөт;
- жоюлган жана тыюу салынган экстремисттик уюмдар жөнүндө
маалыматтарды жыйнайт, жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө,
тийиштүү мамлекеттик органдарга жана соттук инстанцияларга берет;
- иштин натыйжалуулугу үчүн адистерди, диний конфессиялардын,
коомчулуктун жана окумуштуулардьш өкүлдөрүн тартуу менен кењештерди,
координациялык органдарды жана башка уюмдарды түзөт;
д) колдоо чөйрөсүндө:
- калк арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жањы диний
агымдардын иштери, багыты башкача тоталитардык культтардын зыяны,
ишмердигинин натыйжасында рсспубликанын жарандарын жабыркаткан бузуку,
реакциячыл, оккульттук диний уюмдар жөнүндө түшүндүрүүчү жана
агартуучу иштерди жүргүзөт;
- диний артыкчылыкты үгүттөөнү, диний жек көрүүчүлүктү же
касташууну, диний негиздеги чыр-чатактарды тутантууну болтурбоо жана
конфессиялар арасындагы тынчтыкты жана жарандардын маалымдуулугун
сактоо максатында коомчулукта жана калк арасында, анын ичинде ММКда
агартуу иштерин жүргүзөт;
- билим берүү уюмдарына, ата-энелерге, аларды алмаштырып балдардын
жана өспүрүмдөрдүн тарбиясы жана диний багытын калыптандыруу жагында
иштеген адамдарга консультациялык, маалыматтык жана башка жардам
көрсөтөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тийиштүү
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен бирдикте эсептик
каттоодон качкан, өзүнүн чыныгы максатын жана ниетин жашырып Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын бузган диний уюмдар менен иштөөнүн
методдорун иштеп чыгат;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин ыйгарым укуктарына берилген
маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, алардын сунуштарын, арыздарын
жана даттанууларын карайт;
- диний уюмдар жөнүндө маалыматтык базаны түзөт, диний уюмдардын
реестрин жүргүзөт жана маалыматтык материалдарды чыгарат.
6. Дин иштери боюнча мамагенттик берилген ыйгарым укуктарынын
чегинде төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон жана башка аткаруучу органдардан, ошондой эле
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын
диний ишеним жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдарынын сакталыш
маселеси, диний уюмдардын иштери жөнүндө маалыматтарды жана
материалдарды суроого жана алууга;
- адам укугун коргоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарына
экстрасенсордук¬ табыпчылык, дарылоочу, психотроптук, медитациялык,
оккульттук жана адамдын дене-бой жана моралдык абалдарына зыян
келтирүүчү башка ишмердик жүргузгөн экстремисттик диний уюмдардын
кийлигишүүсүнөн коргоо үчүн көмөктөшүүгө, тийиштүү инстанцияларга
аларды жоопко тартуу жана ишмердигин тыюу жөнүндө кайрылууга;
- диний экстремизмди жана терроризмди жайылтуучу уюмдардын,
жарандардын саламаттыгына, абийирине, укуктарына жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, өлкөнүн
коргонуусуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч
туудурган псевдо-диний агымдардын, агрессивдүү диний топтордун
ишмердигин токтото турууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган, жарандардын
саламаттыгына, абийирине, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына
жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган диний уюмдардын ишин
тыюу жөнүндө сотко кайрылууга;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер
боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууга;
- диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш маселеси боюнча
эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө катышууга.
III. Дин иштери боюнча мамагенттиктин жетекчилиги жана структурасы
7. Дин иштери боюнча Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
нда белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматынан бошотулчу директор башкарат. Агенттиктин директорунун статс-катчысы жана директордун бир орун
басары болот.
Статс-катчы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана
директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдеттери жана
ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекитүүчү статс-катчы
жөнүндө жобо менен аныкталат. Директор статс-катчыга башка
функцияларды жана иш милдеттерди аткарууну тапшырышы мүмкүн.
Директордун орун басары кызматка директордун сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат,
директорго түз баш ийет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин
чегинде жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы N 323, 2009-жылдын
20-апрелиндеги N 236 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Дин иштери боюнча мамагенттиктин директору:
- Дин иштери боюнча мамагенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы
үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө Дин иштери боюнча мамагенттиктин компетенциясына берилген
маселелер боюнча мааалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине катышат, Дин иштери боюнча
мамагенттиктин ишине тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле
чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен
мамиледе Дин иштери боюнча мамагенттиктин атынан чыгат;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин кызмат адамдарынын милдеттерин
бөлүштүрөт;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин оперативдүү кењешмелерин
өткөрөт, алардын сандык жана персоналдык курамдарын бекитет;
- эксперттик, консультациялык жана кењешүүчү органдарды түзөт, алар
жөнүндө жоболорду жана алардын курамдарын бекитет;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана приказдарды
чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин компетенциясына берилген
маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн
нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштарды Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароолоруна аныкталган тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Дин иштери боюнча
мамагенттиктин мамлекеттик кызматкерлерин жана кызматчыларын кызматка
дайындайт жана бошотот;
- Дин иштери боюнча мамагенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу
үчүн илимий уюмдарды, эксперттерди жана адистерди ишке тартат;
- өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик кызматкерлерге Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте класстык чиндерди
ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна Дин иштери боюнча мамагенттиктин кызматкерлерин,
ошондой эле Дин иштери боюнча мамагенттикке жүктөлгөн милдеттердин
аткарылышына жардам көрсөткөн адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен
сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Дин иштери боюнча
мамагенттиктин кызматкерлерине кошумча эмгек акылардын жана
сыйлыктарды беруүнүн татрибин жана шарттарын камсыздайт, Дин иштери
боюнча мамагенттикке республикалык бюджеттен бөлунчү каражаттардын
чегинде башка кошумча төлөөлөрдү белгилейт;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин кызматкерлерин сыйлоо жана
аларга тартиптик жаза чараларын колдонуу маселелерин чечет;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин кызматкерлерин мамлекеттик
бийликтин органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле
эл аралык укшдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте
жана шарттарда жиберет;
- Дин иштери боюнча мамагенттиктин штаттык санын өзгөртүү, каржылоо
жана материалдык-техникалык камсыздоо жөнундө сунуштарды иштеп чыгат
жана аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- Дин иштери боюнча мамагенттикке республикалык бюджеттен
бөлүнүүчү, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер берүүчү
финансылык каражаттарды аныкталган тартипте тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш милдеттерди
аткарат.
IV. Дин иштери боюнча мамагенттиктин ишинин токтотулушу
9. Дин иштери боюнча мамагенттиктин иши анын өзгөртүп уюшулганына
же жоюлушуна байланыштуу токтотулат. Дин иштери боюнча мамагенттикти
жоюу же өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте ишке ашырылат.
10. Дин иштери боюнча мамагенттик жоюлган учурда анын ишинин
учурунда пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук
архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат
жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы №636 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2005 · № 636
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.