# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы 2005-жылдын № 630 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы 2005-жылдын № 630 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 630
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11102/edition/1154616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы 2005-жылдын № 630 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (28.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56987

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-декабры, № 630

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз

Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине,

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине,

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев

тарабынан демилге кылынган "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине,

Кыргыз Республикасынын Жазык - процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине,

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине,

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруиа Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан

демилге кылынган "Жарнама жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз

Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча

максатка ылайыксыз деп эсептейт.

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясынын биринчи бөлүгүнө

ылайык жарандар менен юридикалык жактардын таламдарына түздөн-түз

тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле

ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору

коомчулуктун талкуулоосу үчүн укук чыгаруучу органдын расмий сайтында

жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Укук чыгаруучу

органдын расмий сайты жок учурда, ошондой эле мыйзамда каралган

учурларда укук чыгаруучу органдын чечими боюнча нормативдик укуктук

актылар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Түшкөн сунуштар

жана сын-пикирлер долбоорлорду иштеп чыгууда укук чыгаруучу орган

тарабынан каралууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши сунуштаган материалдарда

Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн нормасынын талаптарынын аткарылышын

тастыктаган маалыматтар жок.

Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу

азырынча эрте деп эсептейбиз.

Баяндалгандарды эске алуу менен "Жарнама жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" 2005-жылдын

26-сентябрындагы № 452 токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан демилге кылынган "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамын өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоорун кароону сунуштайбыз. Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган Мыйзам долбоору

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигине

караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменти

уюштурган "тегерек столдо" мамлекеттик башкаруу органдарынын жана

жарнамалык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кењири талкуулап

өткөн.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн мыйзам долбоорунан

айырмаланып алкоголдук жана тамеки продукциясын жарнама кылууга

чектөөлөр менен тыюу салуулардын диапазонун кыйла катуу жана бир

тараптуу аныктоого мүмкүндүк берип, Мыйзам нормаларын колдонууда аны

ар кандай чечмелөөлөргө жол бербейт.

Премьер-министр Ф.Кулов
