# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин Айдаркен чегара отрядына «Жети баатыр» деген ат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин Айдаркен чегара отрядына «Жети баатыр» деген ат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 628
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11101/edition/478780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56985.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин Айдаркен чегара отрядына «Жети баатыр» деген ат берүү жөнүндө" токтому (30.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56985

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 28-декабры № 628 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, 1999-жылы республиканын түштүгүндөгү согуштук аракеттердин учурунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Сырт айылынын жанында курман болгон жоокерлерди түбөлүк эсте калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берилсин жана ал мындан ары "Жети баатыр" атындагы Айдаркен чегара отряды" деп аталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ф.Кулов
