Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-декабры, №626
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата бюджетинин
аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы
кирешелери 5812,8 млн.сомду түздү, бул 2003-жылдагы кирешелерге
караганда 12,1 процентке көп, анын ичинде пландагы 4165,0 млн.сомдун
ордуна 4344,4 млн.сомдук (ИДПга карата 4,6 %) камсыздандыруу взностору
түштү же планды аткаруу 104,3 процентти түздү. Камсыздандыруу
взносторунун жалпы суммасынын ичинен 3874,8 млн. сом учурдагы төлөмдөр
жана 469,6 млн. сому өткөн жылдар үчүн мөөнөтү өткөн карыздардын
түшүшү болуп эсептелет. 2003-жылга салыштырганда камсыздандыруу
взносторунун түшүшүнүн жогорулашы 113,5 процентти түздү. Өткөн жылга
салыштырганда камсыздандыруу взносторунун акчалай формада түшүшүнүн
өсүшү 115,3 процентти түздү же 571,7 млн. сомго көп болду, ошол эле
мезгилде түшкөн камсыздандыруу взносторунун жаппы суммасындагы
товарлардын жана кызматтардын үлүшү 2003-жылдагы 2,3 проценттен 2004-
жылы 0,8 процентке чейин төмөндөдү.
2004-жылы камсыздандыруу базасын кењейтүү максатында бардык эмгекке
жарактуу жарандарды персоналдашкан эсепке алуу, камсыздандырылган
адамдарга идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу
эсептерин ачуу боюнча активдүү иш жүргүзүлдү. 2005-жылдын 1-январына
карата персоналдашкан эсепке алуу системасында эсепте турган
жарандардын саны 1,7 млн. адамды же иштеп жаткан калктын жалпы санынын
95,0 процентин түзгөн. Камсыздандырылган жарандарга топтолгон
взносторунун суммасын көрсөтүү менен жеке камсыздандыруу эсептеринен
көчүрмөлөр жиберилүүдө.
Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларына пенсия төлөө, жењилдик
берилген пенсиялар жана пенсияларга кошумча төлөөлөр, электр
энергиясына тарифтердин жогорулашыыа байланыштуу
компенсациялык төлөөлөр үчүн милдеттүү ассигнованиелер Социалдык
фондго толугу менен келип түштү жана ал 1090,0 млн. сомду түздү.
Дивиденддердин, капиталдаштырылган каражаттардын, камсыздандыруу
взносторун өз убагында толук төлөбөгөндүк үчүн үстөктөрдүн жана айып
акылардын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен алынган кирешелер бюджетте
каралган 54,4 млн. сомдун ордуна 103,2 млн. сомду түздү же 48,8 млн.
сомго жогору болду.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылдагы чыгашалары
бюджетте каралган 5309,2 млн. сомдун ордуна 5414,0 млн. сомду түздү,
анын ичинде: Пенсиялык фонддуку - 4970,2 млн. сом, Социалдык
камсыздандыруу фондунуку - 113,3 млн. сом, Калкты иш менен камсыз
кылууга көмөктөшүү жана окутуу фондунуку - 112,0 млн. сом, Милдеттүү
медициналык камсыздандыруу фондунуку - 218,5 млн. сом болду.
2004-жылы пенсиялардын жана аларга кошумча төлөөлөрдүн
жогорулашынын эсебинен Пенсиялык фонддун чыгашалары 2003-жылга
караганда 447,4 млн. сомго же 9,9 процентке көбөйдү жана 4970,2 млн.
сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-
декабрындагы № 427 "Пенсиялардын базалык бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө"
Жарлыгына ылайык 2004-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын базалык
бөлүгү 222 сом 60 тыйын өлчөмдө белгиленди же 22 сом 60 тыйынга
көбөйтүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-
жылдын 29-мартындагы № 107 "Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн
көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык 2004-жылдын 1-апрелинен тартып
пенсиялардын өлчөмдөрү 5 проценттен 15 процентке чейин дифференциялуу
түрдө көбөйтүлдү.
2004-жылдын ичинде пенсияларды төлөө боюнча карыз болуп калууга жол
берилген жок. 2005-жылдын 1-январына карата абал боюнча пенсия төлөө
үчүн керектелүүчү 4281,4 млн. сом өлчөмдөгү бүткүл сумма каржыланган
жана толук төлөнгөн.
"2004-жылга Кыргыз Республикасьшын Социалдык фондунун бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашалары үчүн
каражаттар 123,7 млн. сом өлчөмдө аныкталган, иш жүзүндө 123,1 млн.
сом пайдаланылган.
2004-жылы Иш менен камсыз кылууга жана окутууга көмөк көрсөтүү
фондуна 135,0 млн. сом которулган, анын ичинде 1997-2003-жылдар үчүн
23,0 млн. сом суммадагы карыз тындырылды. Милдеттүү медициналык
камсыздандыруу фонду 338,5 млн.сом суммада, анын ичинен 1997-2003-
жылдардагы карызды тындыруу үчүн 120,0 млн.сом суммага каржыланды.
Социалдык камсыздандыруу фонду боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар 157,8 млн.
сомду түздү, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош
бойлуулук жана төрөт боюнча пособие төлөөгө
- 73,5 млн. сом жана ден соолукту чыњдоо иш-чараларына - 74,9 млн. сом
жумшалды.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
бюджетин аткаруу процессинде бир катар кемчиликтерге жол берилди.
Камсыздандыруу взносторун жыйноо жакшырганы менен учурдагы түшүүлөрдүн
дењгээли өткөн жылга салыштырганда 0,9 процентке аз болду жана 84,4
процентти түздү. Орчундуу азаюу Ош облусунда - 4,7 процент жана Ош
шаары боюнча - 5 процент аз болду.
Фермер, дыйкан чарбалары (34,1 процент), уюмдашкан айыл чарба
сектору (59,4 процент), боюнча учурдагы камсыздандыруу взносторун
жыйноо планы аткарылган жок.
Камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды өндүрүүдө
кемчиликтер болуп жатат. Жылдын башына карата болгон 1364,7 млн. сом
карыздын 469,6 млн. сому гана чогултулган.
Байланыш уюмдары пенсияларды төлөөдө пенсиялык каражаттарды башка
максатка пайдаланган фактылар жоюлбай жатат. Өткөн жылы алардын 3314,7
мињ сом суммадагы пенсиялык каражатты башка максатка пайдаланганы
аныкталган (толугу менен өндүрүлгөн) 203,6 мињ сом пенсиялык каражат
жымырып алынган (толугу менен өндүрүлгөн).
2004-жылга карата бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын заседаниесинде
каралып, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынын
кемчиликтерге жол берген жетекчилери жана адистери жоопкерчиликке
тартылды, финансылык тартип бузуу фактылары боюнча материалдар укук
коргоо органдарына берилди. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
тарабьшан камсыздандыруу взносторун жыйноону администрациялооо боюнча
нормативдик-усулдук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик социалдык
камсыздандыруунун каражаттарын туура чыгымдоого контролду күчөтүү,
кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджетти аткаруунун
жүрүшүндө аныкталган конкреттүү кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар
жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата
бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары № 1 -4 тиркемелерге ылайык
жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2005-жылдын 31-декабрына
чейинки мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден
каржылануучу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин камсыздандыруу
взностору боюнча мөөнөтү өткөн карыздарын толук тындырууну камсыз
кылышсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор иштеген жарандарды персоналдашкан эсепке алууда,
камсыздандыруу взносторун жыйноону уюштурууда жана алар боюнча мөөнөтү
өткөн карыздарды өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна
жана анын аймактык бөлүмдөрүнө иштиктүү жардам көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик департаменти пенсияларды
жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерди төлөөгө
арналган каражаттарды башка максаттарга пайдалануу жана жумшоо
фактыларын жоюу боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата
бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата бюджетинин
аткарылышынын жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде
кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга
дайындалсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Указ Президента КР от 31 декабря 2003 года № 427 "О повышении базовой части пенсий"Указ · 31.12.2003 · № 427
- О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2004 годЗакон · 08.01.2004 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 28-мартынын ПЖ N 107 "Пенсиялардын камсыздандыруу болугун жогорулатуу жонундо" ЖарлыгыУказ · 29.03.2004 · № 107
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9