Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 23-декабрындагы № 610
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана
материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду-
нун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартиби аныкталат.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлигинин (мындан ары - Министрлик) Өнүктүрүү жана материалдык кол-
доо көрсөтүү фонду (мындан ары - Фонд) төмөнкү максаттарында түзүлөт:
- Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу иш-
теши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- Министрлик системасынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону
жана кепилдиктерди камсыздоо, алардын өз эмгегинин натыйжасына кызыкчы-
лыгын арттыруу;
- Министрлик системасындагы кызматкерлердин квалификациясын жого-
рулатуу;
- майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үйбүлөлөргө жана
жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү.
2. Министрликтин Фондуна каражаттарды которуу үчүн белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
Борбордук казначылыгында атайын каражаттар боюнча күндөлүк эсеп ачылат.
II. Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү
фондун түзүү булактары
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы №
531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин
атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна ылайык,
үйинтернаттарынын бардык түрлөрүнөн тышкары ведомстволук бөлүмдөрдүн,
ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын атайын кара-
жаттарынан 10 пайыз которуунун;
- чарбалык эсептеги ведомстволук уюмдардын демөөрчүлүк жардамынан;
- гранттардан;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка
түшүүлөрдөн.
III. Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү
фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үйбүлөлөргө жана
жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Министрлик системасынын кызматкерлерине дарылануу жана башка
максаттарда, анын ичинде пенсионерлерге, пенсияга чыкканына байланыштуу
иштен бошогон кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- иштин жыйынтыгы боюнча Министрликтин кызматкерлерине учурдагы
сыйакы берүүгө жана кызмат акыларына үстөктөрдү белгилөөгө;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин турмуш-ти-
ричилик шарттарын (тамакаш, жолкире ж.б. үчүн кошумча төлөө) жакшыртуу-
га;
- ден соолук чыњоочу мекемелерге жолдомонун наркын жарым-жартылай
компенсациялоого;
- кызматкерлерге пайызсыз ссудаларды берүүгө;
- Министрлик системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык ба-
засын өнүктүрүүгө жана чыњдоого (курулуш жана кызматтык имараттарды ку-
рууга үлүштүк катыш, капиталдык ремонт, компьютерлерди жана оргтехника
сатып алуу, техникалык каражаттарды тейлөө жана оњдоо, ошондой эле
электр жана жылуулук кубаты, байланыш кызматтары үчүн акы төлөө, бланк
продукцияларын сатып алуу ж.б.);
- Министрликтин атайын журналын жана ченемдик укуктук актылар жый-
нактарын чыгарууга;
- социалдык-маданий иш чараларды, чет өлкөлүк делегациялардын рас-
мий жолугушууларын, семинарларды жана конференцияларды уюштуруу жана
өткөрүүгө;
- кызматтык иш сапарларынын чыгымдарына ж.б.;
- кызматтык максаттарда автоунааларды жана аларга эапастык
бөлүктөрдү, күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга;
- окутуу-билим берүү программаларын камсыздоого, Министрлик систе-
масынын кызматкерлерин окууга жана стажировкага жиберүүгө;
- эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча
күтүүсүз чарба иштерин аткарууга;
- Министрликтин мекемелеринин, аларга жүктөлгөн милдеттерди жана
функцияларды ишке ашыруу боюнча иштерин жакшыртууга багытталган башка
иш чараларга.
5. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин борборлоштурулган атайын эсебинде топто-
лот.
6. Фонддун каражаттарын чыгымдоо бекитилген чыгымдар сметасына жа-
на иш жүзүндө келип түшкөн кирешелерге ылайык которуу жана накта зсеп-
тешүү жолу менен жүргүзүлөт.
7. Бюджеттик ассигнованиелерди тескөө укугу берилген министр жана
статс-катчы Фонддун каражаттарынын тескөөчүлөрү болуп эсептелишет.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлигинин финансы кызматы Фонддун каражаттарын түзүү, бөлүштүрүү
эсебин жүргүзөт жана отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сме-
тага ылайык анын максаттуу пайдаланылышына контролдукту иш жүзүнө ашы-
рат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2000 года №531 "О специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2000 · № 531 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 2005 года № 610 "Вопросы Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики"Постановление · 23.12.2005 · № 610 · Күчүн жоготкон