# Постановление Правительства КР от 28 декабря 2005 года № 620 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 28 декабря 2005 года № 620 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 620
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11096/edition/857137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 28 декабря 2005 года № 620 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики" (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56979

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005 жылдын 28-декабры, № 620

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасына

жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандар үчүн аларды ыкчам

тейлөөгө ыњгайлуу шарттарды түзүү жана автотранспорт каражаттарын

каттоо үчүн белгиленген мөөнөттү (5 күн) сактоо, чет өлкөлүк жарандар

жана жарандыгы жок адамдар, студенттер, бизнесмендер, элчиликтердин

жана консулдуктардын дипломатиялык кызматкерлери, жашоого уруксат

документ (убактылуу, туруктуу) алууга зарылчылыгы жок эмгектик

мигранттар Кыргыз Республикасында айдоочулук күбөлүктөрдү жалпы

негизде алуусунун тартибин жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №

420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу,

граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды

автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Автотранспорт каражаттарын

башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү

жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат

тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 39-пункттагы "Айдоочу кадрларды даярдоочу окутуучу уюмда 10

сааттык кошумча даярдык" деген сөздөр алып салынсын;

- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"40. Чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда улуттук

айдоочулук күбөлүктөрү жок болсо, Кыргыз Республикасында жашоого

визасы же уруксат документи 6 айдан кем эмес мөөнөттө болсо же

качкындын күбөлүгү болсо, аларга айдоочулук күбөлүктүр жалпы негизде

берилет.";

- 45 жана 46-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
