Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жерүй» алтын кенин өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-декабрындагы № 619
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жерүй" алтын кенин өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикада алтын өндүрүү кыскарган
шарттарда Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн камсыздоо үчүн
"Жерүй" ири кенинин базасында алтын казып алуу комплексин куруу
маанилүү болуп санала тургандыгын белгилейт.
Бирок долбоорду ишке ашыруу көптөгөн жылдарга негизсиз создугуп
кетти. "Талас Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасы 2003-жылдын 6-
майындагы № 3 лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарган эмес жана
"Жерүй" алтын кенин тездетип өздөштүрүү программасын сөзсүз ишке
ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-
апрелиндеги № 230 токтомунда каралган долбоорду ишке ашыруу
мөөнөттөрүн үзгүлтүккө учураткан.
Ушуга байланыштуу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык "Жерүй" кенин иштетүү укугуна Au-17-00 лицензиясы
жоюлган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Жер казыналарын
пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын 2004-жылдын 3-
августундагы № 09-АН-04 протоколу). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Жерүй" долбоору жөнүндө" 2004-жылдын 11-августундагы № 597 токтомун
кабыл алып, анда калыбына келтирилген лицензияны жоюу боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттигинин иштери жактырылган.
Лицензиянын жоюлганына карабастан Кыргыз Республикасынын мурдагы
Премьер-министри Н.Т.Танаев менен кат жазышууларга шылтоологон "Талас
Голд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүк катышуучусу даярдык
иштеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүнү уланта берген.
Ошол эле мезгилде "Жерүй" долбоорун өздөштүрүүнүн кыйла пайдалуу
шарттарын сунуштаган чет өлкөлүк башка потенциалдуу инвесторлордон
сунуштар түшүүдө. Жогоруда баяндалгандарды көњүлгө алуу менен, ошондой
эле Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу шарттарда "Жерүй" алтын кенин
өздөштүрүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин
кезектен тышкаркы жалпы чогулушунда төмөнкүдөй маселелерди карасын:
- потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлордун сунуштарын изилдөө
боюнча;
- "Талас Голд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүк
катышуучусунун тарткан түздөн-түз чыгымдарын аудит жүргүзүү үчүн эл
аралык аудитордук компания тандоо боюнча;
- "Талас Голд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүк
катышуучусунун түздөн-түз чыгымдарын аудит жүргүзүүгө, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормаларына ылайык "Талас
Голд Майнинг Компани" компаниясы иш-аракетин токтоткон учурда "Талас
Голд Майнинг Компани" компаниясынын кызматкерлеринин эмгек акысын
төлөөгө акча каражаттарын табуу боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана
курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана кен көзөмөлү мамлекеттик
инспекциясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Талас Голд
Майнинг Компани" компаниясынын ишин Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагынан текшерүү жүргүзүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармактары жана жаратылыш ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 29-майындагы № 1009-III "Жерүй" алтын кенинин абалы жана…Постановление · 12.06.2006 · № 422 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2003 года №230 "О безусловной реализации программы ускоренного освоения золоторудного месторождения "Джеруй""Постановление · 19.04.2003 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон