# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11089/edition/325718/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин программасы жөнүндө" токтому (20.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56969

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-декабры № 616

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы

тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо

боюнча конкреттүү иштеринин

программасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев 2005-жылдын 15-октяб-

рындагы республикалык кењешмеде экономиканын ургаалдуу жана туруктуу

өсүшүн жана элдин жашоо дењгээлин жогорулатууну камсыздоо үчүн шарттар-

ды түзүү боюнча койгон артыкчылыктуу маселелерди чечүү максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономи-

калык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин программасы;

- 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча

иш-чаралардын планы.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор:

- 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча

иш-чаралардын бекитилген планын эске алып өздөрү тейлеген багыттар бо-

юнча тийиштүү тармактык программаларды жана иш-чаралардын пландарын эки

аптанын ичинде иштеп чыгышсын жана аныкталган тартипте бекитишсин;

- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн ке-

чиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине

2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча иш-чаралар-

дын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришсин.

3. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-

ларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулары:

- 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча

иш-чаралардын бекитилген планын эске алып региондорду өнүктүрүү боюнча

тийиштүү программаларды жана иш-чаралардын пландарын иштеп чыгышсын жа-

на аныкталган тартипте бекитишсин;

- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн ке-

чиктирбей Кыргыз Рсспубликасынын Экономика жана финансы министрлигине

региондорду өнүктүрүү боюнча 2006-жылга карата социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет

беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги квар-

тал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2006-жылы тездетилген экономикалык

өсүштү камсыздоо боюнча көрсөтүлгөн программанын жана Иш-чаралардын

планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Конституциялык мыйзамынын 13-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

203-статьясына ылайык аталган Программа жана 2006-жылы тездетилген эко-

номикалык өсүштү камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилсин.

6. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри аталган

Программа жана 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо бо-

юнча иш-чаралардын планы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде ка-

ралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга да-

йындалсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана

бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
