# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 611 "Кызылкыя шаарында цемент заводун куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 611 "Кызылкыя шаарында цемент заводун куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 611
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11084/edition/1149812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 611 "Кызылкыя шаарында цемент заводун куруу жөнүндө" токтому (23.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56963

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-декабрындагы № 611

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

Кызылкыя шаарында цемент заводун куруу жөнүндө

Ош, Баткен, Жалалабат облустарын цемент менен камсыздоо жана

республиканын экспорттук потенциалын арттыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кызылкыя шаарында суткасына долбоордук кубаттуулугу 2500

тонналык цемент заводун куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө "Түштүк-

кыргыз цемент" ачык акционердик коомунун сунушу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ШОСко катышуучу

өлкөлөрүнүн кредитинин чектеринде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн

кароосуна жана Кытай Эл Республикасынын "Эксимбанкынын" каржылоосуна

сунуш кылынган долбоорлордун тизмесин Кызылкыя шаарында цемент

заводунун артыкчылыктарын аныктоо аркылуу куруу долбоору менен

толуктасын.

3. "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коому алынган кредитти

кайтарып берүүнү ишке ашыра тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети "Беш-Бурхан шахтасы" ЖЧКсынын уставдык

капиталындагы мамлекеттик үлүштү сатууну белгиленген тартипте ишке

ашырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясы "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС

төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон технологиялык жабдуулардын базалык

тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

27-майындагы № 391 токтомуна 68-статьясына

ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кийин бөлүштүрүү үчүн

өндүрүлгөн цементтин жыл сайын 10 процентин монополияга каршы орган

белгилеген баа боюнча, алардан кеминде үч процентин өздүк наркы боюнча

бөлүп берүү жөнүндө "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомунун

сунушуна макулдук берилсин.

9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана

атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине төмөнкүлөр сунуш

кылынсын:

- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык

цемент заводун курууга жана ишке киргизүүгө багытталган

инвестицияларды актоо мезгилинин ичинде "Түштүк-кыргыз цемент" ачык

акционердик коомуна карата ички рынок үчүн цементке жөнгө салуунун баа

методун колдонуу;

- "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улутгук электр

тармактары" ачык акционердик коомдору менен бирдикте "Түштүк-кыргыз

цемент" ачык акционердик коому үчүн электр энергиясына белгиленген

тартипте тарифти аныктоо жана электр энергиясынын көлөмдөрүн жана

тарифтерин, беш жылдык мөөнөткө алдын ала төлөө шарттарын көрсөтүү

менен электр энергиясын берүүгө келишимдерди түзүү.

10. "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр

сунуш кылынсын:

- өздүк каражаттардын эсебинен кубаттуулугу 2\*16 МВА болгон 110\\10

кВ подстанциясын долбоорлоону жана курууну ишке ашыруу жана аны

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун

тейлөөсүнө өткөрүп берүү;

- "Беш-Бурхан" шахтысын, конвейерди, карьерлерди, чопо жана акиташ

чыкчу жерлерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн өздүк

каражаттардын эсебинен ЛЭП 10 кВ электр тармактарын долбоорлоону жана

курууну ишке ашыруу.

11. "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр

милдеттендирилсин:

- 2006-жылдын биринчи кварталында Кызылкыя шаарында цемент заводун

кура баштоону камсыздоо;

- долбоорлоо менен катар курулушту жүргүзүү.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
