Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Положение о Министерстве труда и социальной защиты Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 23-декабрындагы № 610
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлиги (мындан ары - Министрлик) эмгек, эмгекти коргоо, калкты соци-
алдык жактан коргоо, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоо, баштап-
кы кесиптик билим берүү, үйбүлөнү жана балдарды колдоо чөйрөсүндө мам-
лекеттик саясат жүргүзүүчү жана башкарууну ишке ашыруучу, ошондой эле
бул багыттар боюнча башка мамлекеттик башкаруу органдарынын иштерин ко-
ординациялоочу борбордук мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Консти-
туциялык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын
башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке
алат.
3. Министрликтин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ве-
домстволук уюмдарын кармоого чыгымдарды каржылоо мамлекеттик бюджеттин
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каржылоонун башка
булактарынын эсебинен милдеттүү түрдө казыначылык системасы аркылуу иш-
ке ашырылат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдер-
де аталыштары бар башка мөөрлөрү, штамптары болот.
5. Министрликтин борбордук аппаратынын структуралык жана штаттык
расписаниеси Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен
бекитилет.
6. Министрликтин борбордук аппараты, анын ведомстволук бөлүмдөрү,
үйинтернаттар, социалдык төлөөлөр борборлору, баштапкы кесиптик билим
берүүчү окуу жайлар, аймактык жана башка түзүмдүк бөлүмдөр Министрлик-
тин бирдиктүү системасын түзөт.
II. Министрликтин негизги милдеттери
7. Министрлик төмөнкү негизги маселелерди чечет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги багыттарынын ал-
кагында эмгек, эмгекти коргоо, эмгек акы, социалдык өнөктөштүк, калкты
социалдык жактан коргоо, пенсиялык жана социалдык камсыздоо, баштапкы
кесиптик билим берүү, үйбүлөнү жана балдарды колдоо чөйрөсүндө жалпы
мамлекеттик саясатта иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- эмгек шарттарынын коопсуздугуна мамлекеттик кепилдиктерди бел-
гилөө;
- ооруп калган жана эмгекке жарамдуулугун, энеликти жоготкон,
өндүрүштүк мертинүү жана кесиптик оорууларга чалдыккан учурларда жаран-
дарды социалдык жактан камсыздоо боюнча саясатты иштеп чыгат жана иш
жүзүнө ашырат, ошондой эле иштеп жаткан жарандардын жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолуктарын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
- өндүрүштө эмгекти коргоого жана эмгек шарттарына, Кыргыз Респуб-
ликасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик конт-
ролду камсыздоо;
- оптоо элементтерин киргизүү жана пенсионерлердин жашоо дењгээлин
жогорулатуу максатында пенсия саясатын өркүндөтүү;
- үйбүлөлөргө жана балдарга жардам берүү, жашы жетпегендердин ара-
сындагы көзөмөлсүз, кароосуз калуунун жана укук бузуунун алдын алуу ма-
селесин чечүү, ошондой эле аларды социалдык реабилитациялоо боюнча мам-
лекеттик саясатты жүргүзүү;
- майыптардын укуктарынын кепилдигин жана алардын коомго кошулуу-
сун камсыздоо;
- кесипкөй кадрларды даярдоонун жањы формаларын киргизүү жолу ме-
нен баштапкы кесиптик билим берүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жого-
рулатуу;
- кары-картањдарды жана майыптарды социалдык жактан тейлөөнү уюш-
туруу;
- майыптардын жашоо-турмушун жењилдетүү үчүн реабилитациялоочу
техникалык каражаттарды жана шаймандарды чыгаруу жана сатып алуу
чөйрөсүн кењейтүү, майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоону жа-
на реабилитациялоону ишке ашыруу;
- социалдык муктаждыктарга сарпталуучу мамлекеттик чыгымдарды мак-
саттуу жана натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
- тиешелүү чөйрөдө мамлекеттик чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу
процессине коомчулукту тартуу механизмдерин киргизүү;
- донор-өлкөлөрдөн жана эларалык финансы институттарынан өзүнүн
компетенциясынын чегинде гуманитардык жардамдарды жана кредиттик-грант-
тык колдоолорду тартуу боюнча ишмердик жүргүзүү;
- социалдык маселелерди чечүү үчүн инвесторлорду издөө;
- эмгек, калкты социалдык жактан коргоо жана баштапкы кесиптик би-
лим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун баалоо жа-
на мониторинг жүргүзүү;
- эмгек, калкты социалдык коргоо жаатында маалыматтык технология-
ларды, маалыматтарды талдоо системасын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди
жүзөгө ашыруу.
III. Министрликтин функциялары
8. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында
төмөнкү функцияларды аткарат:
- калктын жашоо дењгээлин турукташтырууну жана жогорулатууну, ке-
дейчиликти жоюуну, үйбүлө менен балдардын таламдарын камсыздоочу соци-
алдык саясатты түзөтүүнү камсыздоочу стратегиялык чараларды иштеп чыгат
жана жүзөгө ашырат;
- эмгек жана эмгекти коргоо, калкты социалдык жактан коргоо, баш-
тапкы кесиптик билим берүү жана үйбүлө менен балдарды колдоо чөйрөсүндө
ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат, өркүндөтөт жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- социалдык чөйрөдө гендердик саясат жүргүзүүнүн жыйынтыктарын ча-
гылдыруучу индикаторлор системасын иштеп чыгууга катышат;
- эмгекке умтулууну жогорулатуу жана эмгекке акы төлөө системасын
реформалоо, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн кызматкерге коюлуучу
талаптарга жана (же) иштерди татаалдыгы боюнча квалификациялык топторго
киргизүүгө жараша бирдиктүү тарифтик торчо боюнча ишчараларды иштеп чы-
гат;
- жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тариф-
тик-квалификациялуу маалымдамасын, жетекчилердин, адистердин жана кыз-
маткерлердин кызмат орундарынын бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын
иштеп чыгат жана бекитет;
- эмгек мамилелери чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө
көмөктөшөт;
- эмгекти коргоону мамлекеттик башкарууну жана эмгек шарттарына
эксперт жүргүзүүгө усулдук жетекчиликти ишке ашырат;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын кызмат-
керлерин атайын кийимдер, бут кийимдер жана башка жекече коргонуу кара-
жаттары менен камсыздоо ченемдерин бекитет;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары менен бирдикте эмгек шарттарын жакшыртуу жа-
на эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик жана региондук программаларды иш-
теп чыгууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышына контрол-
дукту ишке ашырат;
- жумуш орундары эмгек шарттары оор жана зыяндуу, аялдардын жана
жаштардын эмгегин пайдаланууга байланышкан жумуштардын категориясына
киргизилген учурда, аларды аттестациялоонун сапатын контролдойт;
- өндүрүштөгү кырсыктарды иликтөөнүн жана эсебин алуунун белгилен-
ген тартибинин сакталышын контролдойт, өндүрүштүк кырсыктарды милдеттүү
атайын иликтөөдөн өткөрөт;
- курулуш нормаларынын жана эрежелеринин долбоорлору, башка ченем-
дик документтердин эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам
талаптарына шайкештиги жөнүндө корутунду берет;
- балдар эмгегинин жана майыптардын эмгегин реабилитациялоонун же-
кече программаларына ылайык пайдаланылышын текшерүүнү жүзөгө ашырат.
- башкы макулдашууларды иштеп чыгууга катышат, берилген ыйгарым
укуктарынын чегинде тармактык макулдашууларды экспертизалоону жана кат-
тоону ишке ашырат;
- социалдык-эмгек мамилелерин камсыздоочу чараларды иштеп чыгуу
жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жумуш берүүчүлөрдүн,
кесиптик бирликтердин (трипартизм принцибине негизделген кызматташтык)
иштерин координациялайт жана алардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын өнүктүрүү боюнча
сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- убактылуу ишке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдарды, кош бойлуулук
жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды, сөөк коюууга жөлөкпулдарды төлөп
берүүгө контролдукту жүргүзөт;
- пенсионерлердин жашоо дењгээлин жогорулатуу үчүн пенсиялык кам-
сыздоо жана Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарын өркүндөтүү жа-
атында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын түзүү боюнча сунуштарды
иштеп чыгат;
- согуш ардагерлерин, кары-картањ адамдарды, майыптарды жана соци-
алдык коргоого муктаж болгон калктын башка катмарын даректүү социалдык
коргоо, үйбүлөнү жана балдарды колдоо, ошондой эле жењилдиктер система-
сын тартипке салуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- эњ аз социалдык стандарттарды жана социалдык ченемдерди эсептөө
методикасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- "тобокелдик топтордогу" үйбүлөлөрдүн жана балдардын мониторинг
системасын жана жакыр үйбүлөлөрдүн социалдык паспортторунун маалыматтар
базасын түзүүнү уюштурат;
- акысыз көрсөтүлүүчү жарым-жартылай же толук акы төлөө менен мук-
таж жарандарга социалдык жардамдын жана социалдык кызматтардын ар кан-
дай түрлөрүн көрсөтүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашырат, анын
ичинде:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү;
- социалдык жактан тейлөө мекемелеринде мамлекеттик стандарттарга
ылайык социалдык жактан тейлөөнү уюштуруу;
- медициналык тейлөө, санаторийлик-курорттук дарылануу, транспорт-
тук каражаттар менен камсыз кылуу жана жолкире төлөө, туракжай, тур-
муш-тиричилик жактан тейлөө жана башка белгиленген жењилдиктер жана ар-
тыкчылыктар боюнча жењилдиктерди берүү;
медициналык-социалдык реабилитациялоо;
протездөө;
жылып жүрүүчү атайын каражаттар менен камсыздоо;
оптикалык көзайнек менен камсыздоо;
кедейликти кыскартуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу;
- гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жана алууда мамлекеттик жөнгө
салууну иш жүзүнө ашырат жана тартууга көмөктөшөт;
- медициналык-социалдык экспертизаны иш жүзүнө ашырат;
- жумуш берүүчүлөрдүн, заманбап шарттардын жана эл аралык тажрый-
балардын көз карашынан эмгек рыногунда көп талап кылынуучу кесиптер бо-
юнча жумушчу кадрларды жана адистерди даярдоону эске алуу менен баштап-
кы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар программасын иштеп
чыгат;
- мезгил-мезгили менен баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайла-
рынын бүтүрүүчүлөрдү даярдоо мазмунунун, дењгээли менен сапатынынын
мамлекеттик кесиптик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкешти-
гин аттестациядан жана аккредитациядан өткөрөт;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде жумушчу кадрларды
кесиптерге даярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну
жүзөгө ашырат;
- аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн балдары, жетим балдар жана майып
балдар үчүн баштапкы кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз-
дайт;
- жумушсуздарды кесипке окутууну өнүктүрөт жана өркүндөтөт;
- баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерин жана алардын
өндүрүштүк базасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- педагогдордун квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтөт;
- социалдык өнүктүрүүнүн улуттук жана мамлекеттик программаларын
ишке ашыруу жыйынтыктарын координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана баа
берет;
- эмгек жана эмгекти коргоо, калкты социалдык жактан коргоо жана
баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө от-
четторду даярдайт;
- эмгек, калкты социалдык жактан коргоо, баштапкы кесиптик билим
берүү маселелеринде КМШ өлкөлөрү, алыскы четөлкөлөр жана эларалык уюм-
дар менен эларалык байланыштардын бекемделишине көмөк көрөсөтөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышты, социалдык
чөйрөдө өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү аз алдынча башкаруу уюм-
дары менен кызматташтыкты иш жүзүнө ашырат, ченемдик укуктук актыларды
өркүндөтүүдө коомчулуктун катышуусун тартуу үчүн ченемдик укуктук акты-
лардын долбоорлорун өзүнүн сайтына жайгаштырат;
- Министрлик системасындагы мамлекеттик кызматка конкурстук тандап
алууну уюштурат; Министрлик системасынын мамлекеттик кызматчыларын жана
кызматкерлерин аттестациядан өткөрөт; Министрлик системасынын кызмат-
керлерин кайра даярдоону жана квалификацияларын жогорулатууну уюштурат;
кадрларга болгон керектөөлөрдү пландаштырат жана божомол түзөт, кадр-
ларга резерв түзүү жана баа берүү, персоналды натыйжалуу пайдалануу бо-
юнча иш жүргүзөт;
- компьютерлештирүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана Министрлик
системасынын ишине соњку компьютердик технологияларды киргизет;
- калктын социалдык-аялуу катмарларынын турак-жай шарттарынын жак-
шырышы максатында таламдаш ведомстволор менен бирдикте социалдык
чөйрөгө инвесторлорду тартуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- турак-жай маселелерин чечүү үчүн социалдык жактан коргоого мук-
таж калктын социалдык-аялуу катмарларына даректүү жардамдардын ченемде-
рин жана шарттарын иштеп чыгат;
- программалык негизде бюджеттик пландаштырууну ишке ашырат, Ми-
нистрлик системасынын чыгымдарын каржылоону, бюджеттин аткарылышын жана
талдоо жүргүзүүнү уюштурат;
- баштапкы билим берүү жана социалдык жактан коргоо боюнча иш-ча-
раларды каржылоого багытталган каражаттарды түзөт жана максаттуу пайда-
ланылышын контролдойт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды иш
жүзүнө ашырат.
IV. Министрликтин ыйгарым укуктары
9. Министрлик өзүнүн алдында турган маселелерди чечүү жана ага
жүктөлгөн милдеттерди орундатуу үчүн төмөнкү укуктарга ээ:
- эмгек, эмгекти коргоо, калкты социалдык жактан коргоо, пенсиялык
жана социалдык камсыздандыруу, баштапкы кесиптик билим берүү,
үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын
долбоорлорун иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароо-
суна киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде бардык ведомстволук бөлүмдөрдүн ат-
каруусу үчүн милдеттүү ведомстволук ченемдик укуктук актыларды кабыл
алууга;
- эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик контролдукту
иш жүзүнө ашырууга. Бул максатта Министрликтин кызмат адамдары ведомс-
тволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга жана
объектилерге тоскоолдуксуз кирүүгө укуктары бар;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинен эмгек,
эмгекти коргоо, социалдык жактан коргоо жана Министрликтин компетенция-
сына кирген башка маселелер боюнча зарыл маалыматтарды акысыз алууга;
- таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик
ведомстволор, эларалык уюмдар жана башка юридикалык жактар жана жеке
адамдар менен бирдикте ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик
кењештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн финансылык тартибинин сакталышын, мате-
риалдык жана акчалай каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө,
аларды чыгымдоо сметаларын бекитүүгө жана алардын аткарылышына контрол-
дук кылууга;
- ведомстволук бөлүмдөргө бекитилип берилген кыймылсыз жана кый-
мылдуу мүлктөрүн талаптагыдай жана максаттуу пайдаланылышына контролдук
кылууга;
- Министрлик системасынын кызматкерлерин белгиленген тартипте ат-
тестациядан жана бош кызмат ордуна конкурстук тандап алууну өткөрүүгө;
- үйинтернаттарынын бардык түрлөрүнөн тышкары ведомстволук
бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын, ошондой эле кесиптик башталгыч
билим берүүчү окуу жайлардын атайын каражаттарынан 10 пайыз өлчөмүндө
которуунун эсебинен Министрликтин өнүктүрүү жана материалдык кызыктыруу
фондун түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жаран-
дарды кабыл алууну жүргүзүүгө, жарандардын оозеки жана жазуу түрүндөгү
кайрылууларын өз убагында жана толук карап чыгууну камсыз кылууга, алар
боюнча жоопторду жөнөтүүгө жана чечимдерди кабыл алууга;
- белгиленген тартипте эларалык кызматташууга катышууга, тиешелүү
чөйрөдө чет өлкөлүк тажрыйбаны колдонууга жана үйрөнүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укукта-
рынын чегинде эларалык келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акы төлөөчү жана
акысыз тейлөө кызматтарды көрсөтүүгө;
- социалдык чөйрөдөгү инвестицияларды колдоого жана тартууга ба-
гытталган ишкердикти иш жүзүнө ашырууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурс-
тарды, кењешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана
жарнамалык-басылмаларды жүргүзүүгө;
- республикалык бюджетте турган ведомстволук органдарды белгилен-
ген тартипте каржылоону иш жүзүнө ашырууга;
- эмгекке акы төлөө фондусунун чегинде Министрликтин ведомстволук
бөлүмдөрүнүн жоболорун, структурасын жана штаттык расписаниесин бе-
китүүгө;
- Министрлик системасындагы кызматкерлердин квалификациясын жого-
рулатуу жана даярдоо системасын уюштурууга;
- Министрликтин мобилизациялык пландарын аткарууну даярдоо боюнча
чараларды өткөрүүгө;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка
ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашырууга;
- Министрликтин адистери Министрликтин компетенциясына кирген ма-
селелер боюнча республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-
ринин, административдик ведомстволорунун коллегияларынын ишине катышуу-
га жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана уюмдарга кирүүгө.
V. Министрликтин ишин уюштуруу
10. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу боюнча Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу ми-
нистр башкарат.
11. Министрдин эки орун басары жана статс-катчысы болот.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана минист-
рдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
дайындалат жана бошотулат.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Министрдин орун басар-
лары түздөн-түз министрге баш ийишет жана өз иштерин аларга жүктөлгөн
милдеттердин чегинде ишке ашырышат.
12. Министр:
- Министрликке жүктөлгөн маселелерди жана ишмердиктин белгиленген
чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жекече жооп берет;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын
долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бе-
рет;
- өз компетенциясынын чегинде нормативдик мүнөздөгү, ал эми ми-
нистрликтин ишмердигин уюштуруудагы тез жана башка күндөлүк маселелер
боюнча - нормативдик эмес мүнөздөгү буйруктарды чыгарат, алардын атка-
рылышын текшерет жана камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгат;
- Министрдин орун басарларынын, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчи-
леринин кызматтарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындоо жана
аларды кызматтан бошотуу үчүн талапкерлер боюнча, ошондой эле коллегия
мүчөлөрүнүн талапкерлери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-
рине сунуш киргизет;
- министрдин орун басарларынын, Министрликке караган бөлүмдөрүнүн
жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын чегин аныктайт жана министрдин орун
басарлары ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, мамлекеттик
департаменттердин, борборлордун, үйинтернаттарынын, институттун жана
Министрликтин башка ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана алардын
орун басарларын, башкы бухгалтерлерин статс-катчынын сунушу боюнча кыз-
матка дайындайт жана бошотот;
- Министрликтин аймактык органдары менен баштапкы кесиптик билим
берүүчү мекемелеринин жетекчилерин статс-катчынын сунушу боюнча жана
жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын, шаарлардын мэрлери-
нин макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот;
- министрдин номенклатурасына кирген кызматтардын тизмесин жана
алардын функционалдык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- мамлекеттик кызматчыларга статс-катчынын сунушу боюнча тиешелүү
класстык чиндерди ыйгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин жалпы белгиленген санына жана эм-
гекке акы төлөө фондусуна жараша Кыргыз Республикасынын Экономика жана
финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн
структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин кызматкерлерине сыйакы берүү маселелерин чечет жа-
на алардын кызматтык маяналарына жекече үстөктөрдү белгилейт;
- Министрлик системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар
менен сыйлайт, ошондой эле өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди ардак наамдарды
ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- өзүнүн орун басарларына, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине
жана башка кызматкерлерге дисциплинардык жаза чараларын колдонот; алар-
га ээлеген кызматтарынан бошотууну кошуу менен тиешелүү дисциплинардык
жаза чараларын көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине
сунуш киргизет;
- ведомстволук бөлүмдөр менен аймактык органдардын Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын бардык мекемелери менен уюмдарында жана
чет өлкөлөрдө анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлик-
тин атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эларалык ке-
лишимдерге өз компетенциясынын чегинде кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым
укуктарга ээ.
13. Министрликте эњ жогорку административдик мамлекеттик
статс-катчы кызматы уюштурулган. Статс-катчынын иш-милдети жана ыйгарым
укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеште бекитилүүчү мамлекеттик ор-
гандын статс-катчысы жөнүндөгү жободо аныкталат. Министр статс-катчыга
башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды да жүктөшү мүмкүн.
14. Министрликте курамына кызматы боюнча министр (коллегиянын
төрагасы), министрдин орун басарлары, статс-катчысы, Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Министрлик
системасындагы башка жетекчи кызматкерлер кирген тогуз кишиден турган
коллегия түзүлөт. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамы (коллегия курамына
кызматы боюнча киргендерден сырткары) министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
15. Министрликтин коллегиясы өз отурумдарында:
- Министрлик системасынын ишине тиешелүү негизги маселелерди тал-
куулайт;
- Министрликтин жыл сайын түзүлүүчү жумушчу пландарын, алардын ат-
карылышы боюнча отчетторду карап чыгат жана бекитет;
- Министрликтин жыл сайын түзүлүүчү бюджетинин долбоорун бекитет;
- улуттук жана мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына баа
берет;
- усулдук материалдардын жана нускамалардын долбоорлорун бекитет;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын жетекчилери-
нин отчетторун угат;
- жана башка маселелерди карайт.
16. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк
добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделип, коллегиянын
токтому жана буйруктар менен ишке ашырылат. Добуштардын саны барабар
болуп калган учурда, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды
деп эсептелет.
Коллегия мүчөлөрү мындай чечим менен макул болбогон учурда, өз пи-
кирин жазуу жүзүндө төрагага жибере алышат.
17. Коллегиянын иштөө тартиби Министрликтин коллегиясы тарабынан
бекитилүүчү регламент менен аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 2005 года № 610 "Вопросы Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики"Постановление · 23.12.2005 · № 610 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минсоцтруда КР от 27 декабря 2006 года № 245 "О наградах Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики"Приказ · 27.12.2006 · № 245 · Күчүн жоготкон
- Положение о наградах Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики (утверждено приказом Минсоцтруда КР от 27 декабря 2006 года № 245)Положение · 27.12.2006 · № 245 · Күчүн жоготкон