# Постановление Правительства КР от 23 декабря 2005 года № 610 "Вопросы Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики"

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 23 декабря 2005 года № 610 "Вопросы Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 610
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11083/edition/325696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56961.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 23 декабря 2005 года № 610 "Вопросы Министерства труда и социальной защиты Кыргызской Республики" (12.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56961

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтомунун

негизинде күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-декабры № 610

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

жактан коргоо министрлигинин маселелери

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-мартындагы № 194 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын

15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу ор-

гандарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" жана 2005-жылдын 30-ноябрындагы

№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-

даштыруу жөнүндө" жарлыктарына ылайык, ошондой эле борбордук аткаруучу

бийлик органдарынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндө

жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин чектик штаттык саны

107 адам (тейлөөчү персоналдан сырткары) санында бекитилсин.

3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы N

194 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык

келтирсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-фев-

ралындагы № 86 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
