# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 609 " Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 609 " Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 609
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56959>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11082/edition/354371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56959.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 609 " Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому (07.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56959

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы N 563 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары. Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-декабры, № 609

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы №219

токтомунун редакциясында)

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын \[\*Мыйзамына:1752} жана «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер

министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын

жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543

Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу

схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы,

министрдин эки орун басары жана министр менен статс-катчыны жана орун

басарларды кошкондо коллегиянын 17 мүчөсү болсун.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы №219

токтомунун редакциясында)

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри статс-катчы менен

министрдин орун басарларынын ортосундагы ыйгарым укуктарын жана

милдеттерин бөлүштүрүүдө статс-катчынын милдеттерине Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши менен күнүмдүк иш жүргүзүүнү сөзсүз

түрдө киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы № 71 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы № 71 токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-

жылдын 30-декабрындагы № 895 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы № 71 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 359 токтому;

- «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын

Уставын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

9-июлундагы № 520 токтомунун 2-пункту.

Премьер-министр Ф.Кулов
