# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11081/edition/325691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56958

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 26-январы № 40

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү

жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз"

акционердик коомунун ортосундагы

маселелерди жөнгө салуу жөнүндө

Республиканын калкын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдууну

камсыз кылуу жана "Кыргызгаз" акционердик коому менен республикалык

бюджеттин ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнгө салуу максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 30 млн. сом суммасында 2004-жылга калк үчүн жаратылыш газына ба-

аларды мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан "Кыргызгаз" акционер-

дик коомунун чыгымдарын жабууга зарыл каражатты издеп тапсын жана "Кыр-

гыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика

боюнча мамлекеттик агентствосу тарабынан белгиленген жаратылыш газынын

иш жүзүндө сатылган көлөмүнө берүү тарифтери менен жаратылыш газын

калкка сатууга байланышкан "Кыргызгаз" акционердик коомунун чыгымдары-

нын ортосундагы айырманы компенсациялоо жүргүзүүгө уруксат берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана кен

казып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
