# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №608 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №608 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 608
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11080/edition/325686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №608 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери" токтому (13.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56956

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-декабры, №608

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн

оптималдаштыруу жөнүндө» 2005-жылдын 30-ноябрындагы №607 Жарлыгын

аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин борбордук

аппаратынын кызматкерлеринин эњ жогорку штаттык саны 49 бирдиктен

(тейлөөчү персоналдардан тышкары) жана эмгек акы фондусу республикалык

бюджетте каралган каражаттардын чегинде белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча

мамлекеттик комиссиясынын укугун улантуучу болуп эсептелери

белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги:

- бир айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн чечимдери ушул токтомго ылайык

келтирилсин;

- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият

министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык

расписаниесин бекитүүгө киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы №395

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты жана мамлекетгик

тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» токтому күчүн

жоготту деп эсептелсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
