# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 " Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 " Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56952>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11078/edition/534396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56952.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 " Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56952

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 22-декабры, № 606

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13—майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 308-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 60-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу планынын 36-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүүнүн тартиби бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13—майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык

мөөнөттө бала асырап алган кызматкерге бала асырап алган күндөн тартып жана бала төрөлгөн күндөн 70 календардык күн өткөнгө чейин, ал эми эки же андан көп баланы бир эле мезгилде асырап алганда - алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күнгө чейин эмгекке жарамсыздык баракчасын берүү тартибин аныктасын. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13—майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
