# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы №605 " Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы №605 " Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 605
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11077/edition/325680/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы №605 " Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56951

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-августундагы № 372

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 21-декабры, №605

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык

атайын комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын

структураларын өзгөртүп уюштурганга байланыштуу Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243 «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга

каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун 3-пунктундагы жана жогоруда аталган токтом менен

бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы

жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө жобонун 4-

пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Биринчи вице- премьер-министрине»

деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген

Вице-премьер-министрине» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5. Комиссия кабыл алган чечимдер мамлекеттик бийликтин жана

башкаруунун бардык структуралары, менчигинин түрүнө карабастан

ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери тарабынан

аткарылууга милдеттүү болот.»;

- 5-пункт иретине жараша 6-пункт деп эсептелсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы

республикалык атайын комиссиядагы Кыргыз Республикасынын аткаруучу

бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн курамы төмөнкүдөй редакцияда

баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга

каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссиядагы

Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын

өкүлдөрүнүн курамы

Тараптардын координаторлору:

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы,

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, төраганын орун

басары,

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министри, төраганын орун басары,

комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун

басары,

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары,

Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министринин орун басары,

Граждандык коргонуу Башкы башкармалыгынын начальниги - Кыргыз

Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын директору,

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик

санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору,

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы

директору,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай

комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык

жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу

катчысы.».

Премьер-министр Ф.Кулов
