# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы №604 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы №604 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11076/edition/431376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы №604 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56950

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 21-декабры, №604

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Нормативдик укуктук актыларды "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июнундагы Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу

взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтому менен бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктга ", Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө",

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Патенттик негизде өзүнчө ишкердик жүргүзгөн жеке адамдар, тийиштүү органдарда катталып, юридикалык жакты түзбөстөн өзүнчө ишкердик жүргүзгөн жеке адамдар, үй кызматындагы аялдар, эркин кесиптеги адамдар (жазуучулар, журналисттер, сүрөтчүлөр, музыканттар

ж.б. чыгармачыл ишмерлер), студенттер жана камсыздандыруу полистерин

алышкан, берилген лицензиялардын негизинде иштешкен жана гонорар (сыйлык) алышкан жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик пенсиялык камсыздоого укуктуу.";

- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 8-пунктта "25" деген сан "24" деген санга алмаштырылсын;

- 10-пунктта "4" деген сан "3" деген санга алмаштырылсын;

- 11-пунктта "Эркин кесиптеги адамдар (жазуучулар, журналисттер,

сүрөтчүлөр, музыканттар ж.б. чыгармачыл ишмерлер)," деген сөздөр алып салынсын.

2. Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12. Өз иштерин юридикалык жак түзбөстөн жүргүзгөн, берилген лицензиялардын негизинде иштешкен жана гонорар (сыйлык) алышкан жеке адамдар, педагогдор, жазуучулар, журналистгер, музыканттар, сүрөтчүлөр, артисттер, скульпторлор ж.б. чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү алынган гонорардын (сыйлыктын) 8% өлчөмүндөгү бул суммага камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу Пенсиялык фондго камсыздандыруу взносторун төлөөнү жүргүзүшөт.".

3. Жобонун 12-24-пункттары тийиштүү түрдө 13-25-пункттар болуп

эсептелсин.

4. 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"20. "Камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу полистери бар адамдар жашаган жери боюнча (шаардан тышкаркылар - ишкердик жүргүзгөн жер боюнча) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук (шаардык) бөлүмүнө мамлекеттик пенсиялык камсыздоо алуу үчүн кайрылууга тийиш.".

5. 25-пункт алып салынсын.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражатгарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
