# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 603
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11075/edition/356754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтому (17.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56948

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 21-декабры, № 603

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитетинин маселелери

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-

жылдын 15-октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө» жана 2005-жылдын 30-

ноябрындагы № 607 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» жарлыктарына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитети жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын штатынын сандык чеги 56

штаттык бирдик менен белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине

караштуу Миграциялык кызмат департаментинин жана Кыргыз

Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Иш

менен камсыз кылуу департаментинин укук улантуучусу болоору

белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык

мекеме деген статустары сакталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик

комитетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн тийиштүү каржылоону

камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитети борбордук аппаратынын штаттык расписаниесин жана

структурасын бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлиги менен бирдикте эки айдын ичинде мурда кабыл алынган

чечимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө беришсин.

8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

«Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү аныкталган

тартипте киргизсин.

9. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N

315 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №

625 «Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Россия

Федерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы

иштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүн

түзүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын

Тышкы иштер министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Кыргыз

Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети»

деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун тиркемесинин аталышында «Кыргыз Республикасынын

Тышкы иштер министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Кыргыз

Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекетгик комитети»

деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 21-декабрындагы

№ 603 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке

орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин башкаруу

СХЕМАСЫ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун

редакциясына ылайык)

| Төрага | \------------------ | Коллегия |
| --- | --- | --- |
| Борбордук аппарат |  |  |

v v v v

| Чет |  | Аймактык |  | Миграциялык |  | Маалыматтык- |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| өлкөлөрдөгү |  | органдар |  | фонд |  | консультациялык |
| өкүлчүлүктөр |  |  |  |  |  | борбор |

Премьер-министр Ф.Кулов
