Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 „Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-декабрындагы №599
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12
"Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы
органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана
жетекчилик курамдагы адамдарына
жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия
жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону
бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү
тууралуу» 2005-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-
статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12
"Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарыныи, финансы полициясы
органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана
жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген
жылдарын эсептөөнүн, пенсия жаиа пособие дайындоонун жаиа төлөөнүн
тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй
толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышы жана бүткүл тексти «финансы полициясы
органдарынын» деген сөздөрдөн кийин «атайын байланыш кызматынын» дегењ
сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө толукталсын;
3-пункту «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык
полиция башкармалыгы» деген сөздөрдөн кинин тийиштүү жөндөмөдөгү
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
атайын байланыш кызматы» деген саздөр менен толукталсын.
2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине,
ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, жазык-
аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы
адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн,
пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобого
төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- Жобонун аталышы жана бүткүл тексти боюнча «финансы полициясы
органдарынын» деген сөздөрдөн кийин «атайын байланыш кызматынын» деген
сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- атайын байланыш кызматында иштеген убакыт»;
- 8-пункттун «б» пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
«Милициянын полковниги, финансы полициясынын полковниги, атайын
байланыш кызматынын директору, ички кызматтын полковниги, юстициянын
полковниги жана андан жогорку наамдардагы, үч жылдан кем эмес ээлеп
келген кызмат ордунан кызматтын кызыкчылыгы үчүн, ден соолугунун абалы
же жаш курагы боюнча Кыргыз Рсспубликасынып ички иштер министринин,
Кыргыз Рссиубликасыпын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы
башкармалыгынын директорунун, Кыргыз Республикасынын транспорт жана
коммуникациялар министринин, Кыргыз Республикасынын юстиция
министринин чечими боюнча кызматтык маянасы азыраак кызматка
которулган, которуу күнүнө карата иштеген жылдарынын саны иштеген
жылдары боюнча пенсияга чыгууга укук берген жетекчи курамдагы
адамдарга алар кийин кызматтан бошонгондо пенсиясы алар ушул
көрсөтулгөн которууга чейин ээлеп турган штаттык кызмат орундагы
маянасы боюнча эсептелсе болот;»;
19-пунктунун биринчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Финансы полициясы башкармалыгы» деген сөздөрдөн кийин
тийиштүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматы» деген сөздөр
менен толукталсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммумикациялар
министрлигинин атайын байланыш кызматы атайын байланыш кызматынын
кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мучөлөрүнө карата»;
- 22-пункту «Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы
полициясы башкармалыгы» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматы»
деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун…Положение · 13.01.1995 · № 12
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу…Постановление · 13.01.1995 · № 12