Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жанаспорт боюнча мамлекеттик агенттик тууралуу Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 апреля 2007 года №139 "Вопросы Государственного агентства по физической культуре и спорту, делам молодежи и защите детей при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-19.
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139
Токтому менен
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 19-декабрындагы № 596
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Денетарбия жанаспорт боюнча мамлекеттик
агенттик тууралуу
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт
боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) аткаруу
бийлигинин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иш-
ке ашыруу боюнча функцияларды аткаруучу органы болот.
2. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик бийликтин бардык
органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен
өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышкан жана күчүнө
кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, эл аралык укуктун
жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, ошондой эле ушул Жобого
ылайык жүргүзөт.
3. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын, анын аймактык жана
ведомстволук бөлүмдөрүн кармоого чыгымдар мамлекеттик бюджеттин жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын эсеби-
нен милдеттүү түрдө казыналык системасы аркылуу каржыланат.
4. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана
расмий тилдерде жазылган башка мөөрлөрү, штамптар болот.
5. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын структурасы жана
кызмат орундарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
буйругу менен бекитилет.
II. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсеп-
телет:
- министерликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, де-
нетарбия жана спорт тармагындагы иштерин координациялоо;
- бюджеттик каражаттарды, ошондой эле эл аралык донор уюмдардын
каражаттарын тартуу аркылуу денетарбия жана спорттун материалдык-техни-
калык базасын (жайгаштыруу объекттери жана алардын инфраструктурасы)
өнүктүрүү;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен денетарбия жана
спорт тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык кыз-
матташтыкты координациялоодо Кыргыз Республикасынын башка министрликте-
ри жана ведомстволору менен аныкталган тартипте өз ара байланышта
иштөө;
- спорттун ар кандай түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама
командаларын даярдоонун рационалдуу, илимге негизделген системасын
түзүү;
- денетарбияны жана спортту өнүктүрүү максатында маалыматтык-жар-
намалык жана үгүттөө иш-чараларын жүргүзүү;
- денетарбия жана спортту өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүү, жашоо-турмушка киргизүүгө жөндөмдүү инвести-
циялык долбоорлорду иштеп чыгуу.
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
Мамлекеттик агенттик ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык,
төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
1. Тармактык саясат функциялары:
- денетарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын страте-
гиясы, денетарбия-спорт индустриясы, денетарбияны жана спортту
өнүктүрүүнү координациялык-методикалык камсыздоо жана өнүктүрүү прог-
раммаларын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине ылайык мыйзамдардын жана
башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерге, Азиянын, дүйнөнүн
чемпионаттарына, Олимпиялык оюндарга катышуу үчүн республиканын курама
командаларын уюштурат жана даярдайт, окутуучу-машыктыруучу жыйындарды
уюштурат жана өткөрөт;
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен курама
командалардын эл аралык спорттук иш-чараларга даярдануусун жана катышу-
усун каржылайт;
- бирдей квалификациялык талаптарды жана нормаларды иштеп чыгат,
денетарбия жана спорт чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерге эмгек акы
төлөөнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды аныкталган тартипте киргизет;
- республикадагы денетарбиянын жана спорттун абалына мониторинг
жүргүзөт;
- спорттук шаймандарды жана жабдууларды стандартташтыруунун жана
сертификаттоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүүгө, денетарбия жана
спорт чөйрөсүндөгү нормаларды жана эрежелерди иштеп чыгууга катышат;
- мамлекеттик стипендия дайындоо үчүн чыгаан спортсмендерди тандо-
онун тартибин жана критерийлерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана жаштар саясаты боюнча
министрлиги жана башка таламдаш министрликтер, ведомстволор менен бир-
дикте калктын ар кыл категорияларынын, анын ичинде жалпы билим берүүчү
уюмдарда, башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдарда, кесиптик орто жана
жогорку окуу жайларда окугандардын дене тарбиялык даярдоону аныктоо
үчүн нормативдерди иштеп чыгат жана бекитет;
- тийиштүү ведомстволорго валюталык жөнгө салуунун шарттарын
өзгөртүү, өзү башкарган чөйрөгө кирген ишканаларды, мекемелерди жана
уюмдарды менчиктештирүүнүн, монополиядан чыгаруунун жана реструктурало-
онун ыкмаларын аныктоо, спорттук жабдыктарды, шаймандарды, кийимдерди,
бут кийимдерди, инвентарды жана сувенир продукцияны чыгарууну өнүктүрүү
боюнча сунуштарды аныкталган тартипте киргизет;
- Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын заседаниелеринде спорттук
наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтөрдү карайт;
- республикада денетарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүүгө багыт-
талган негизги багыттарды аныктайт;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор жана облустардын мамлекеттик администрациялары менен бир-
дикте денетарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн эл аралык, республикалык
жана региондук программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгат жана экс-
пертизалайт, алардын аткарылышын контролдойт;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бир-
дикте денетарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк иивестиция-
ларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана тармактын өнүгүүсүн
шарттай турган ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды белгиленген
тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча эл аралык
спорттук уюмдарда жана КМШнын уюмдарында республиканын таламы үчүн чы-
гат;
- спорттук уюмдар (федерациялар, ассоциациялар) менен биргелешип
иш жүргүзөт;
- денетарбия жана спорт чөйрөсүндө нормативдерди жана тармактык
стандарттарды иштеп чыгат жана аныкталган тартипте бекитет;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администра-
циялык ведомстволор менен бирдикте спорттук товарларды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү классификациялоонун, стандартташтыруунун жана сертификат-
тоонун бирдиктүү мамлекеттик системасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде спорттук мектептер жана клубдар
тармагын өнүктүрүүнү координациялайт, аларды ачуунун тартибин жана
шарттарын аныктайт, аларга категорияларды ыйгарат, окутуу-машыктыруу
процессин контролдойт;
- спортсмендерди комплекстүү тейлөөчү, анын ичинде алардын өмүрүн
жана ден соолугун камсыздандыруучу, спорттук товарларды, жабдыктарды,
жабдууларды жана сувенирлерди сатып алууну ишке ашыруучу спорттук уюм-
дарды аныкталган тартипте түзөт; спорттук уюмдардын, спорттун түрлөрү
боюнча федерациялардын жана Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта
жүргөн спортсмен жарандардын кызыкчылыктарын укуктук жактан коргойт;
- эл аралык, региондор аралык жана республикалык денетарбиялык-са-
ламаттыкты чыњдоочу, спорттук-массалык иш-чараларды (фестивалдарды,
конкурстарды, мелдештерди, олимпиадаларды, спартакиадаларды ж.б.),
ошондой эле иш боюнча жана илимий симпозиумдарды, конференцияларды жана
Кыргыз Республикасында денетарбияны жана спортту өнүктүрүүгө байланыш-
кан башка иш-чараларды аныкталган тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-
те спорттук уюмдарды жыл сайын эсепке алат, денетарбия жана спорт жа-
гындагы статистикалык отчеттун формаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды
иштеп чыгат;
- республиканын аймагында жана анын чегинен сырткары өткөрүлүүчү
денетарбиялык, спорттук иш-чараларга катышуучулардын чыгымдарынын жана
аларды мамлекеттик бюджеттик каражаттардын эсебинен материалдык камсыз-
доонун нормаларын тиешелүү уюмдар менен бирдикте иштеп чыгат жана анык-
талган тартипте бекитет;
- денетарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, анын республиканын абалы-
на жана өнүгүшүнө тийгизүүчү таасирине комплекстүү талдоо жүргүзөт жана
божомол жасайт;
- спорттук сый атрибутиканы, ошондой эле Машыктыруучуларга-окутуу-
чуларга, методист-нускоочуларга квалификациялык категорияларды ыйгаруу
жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет;
- спортсмендерге, республиканын курама командаларынын машыктыруу-
чуларына, денетарбия жана спорт уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы
төлөөнүн шарттары жөнүндө сунуштарды, ошондой эле денетарбия жана спорт
жагындагы кесиптер жана кызмат орундар боюнча тарифтик-квалификациялык
мүнөздөмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгат;
- жогорку класстагы спортсмендердин спорттук резервин даярдоо,
спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командаларды эл аралык мелдеш-
терге, дүйнөлүк, Олимпиадалык, Параолимпиадалык чемпионаттарга жана
Азиялык оюндарга даярдоо боюнча ишти координациялайт жана функциялык
жактан жөнгө салат;
- Республикалык денетарбиялык-саламаттык чыњдоочу, спорттук иш-ча-
ралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыктыруучу жыйындардын
бирдиктүү календардык планын иштеп чыгат жана Кыргыз республикасынын
мыйзамдарына ылайык бекитет;
- Республикалык чемпионаттарды, спорттун түрлөрү боюнча эл аралык
спорттук мелдештерди өткөрүү жөнүндө жобону, Спорттук наамдарды ыйгаруу
жөнүндө жобону иштеп чыгат, наамдарды ыйгарат;
- спорттун түрлөрү боюнча федерациялар жана кызыкдар уюмдар менен
бирдикте республикалык бирдиктүү спорттук классификацияны иштеп чыгат
жана бекитет, спорттун жањы түрлөрүн жана спорттук сабактарды дене тар-
биянын мамлекеттик программаларына киргизүү жөнүндө маселелерди анык-
талган тартипте карайт;
- денетарбиялык-саламаттыкты чыњдоочу, спорттук-массалык иш-чара-
ларды уюштурат жана аныкталган тартипте өткөрөт.
2. Жөнгө салуу функциялары:
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду аныкталган тартипте
бекитет, спорттук наамдардын, разряддардын жана категориялардын мамле-
кеттик системасын, аларды ыйгаруу жана андан ажыратуу тартибин белги-
ленген тартипте аныктайт;
- спорттук мектептердин тармагын ачуунун шарттарын жана тартибин
аныктайт, аларга категорияларды ыйгарат;
- спортсмендерди аныкталган тартипте аттестациялайт, республиканын
спорттук наамдарын, машыктыруучулук категорияларды ыйгарат, республика-
лык мелдештердин жењүүчүлөрүн сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коом-
дук денетарбия-спорт уюмдарын (федерациялар, уюмдар), спорттук мектеп-
терди жана кесипкөй спорттук ийримдерди аккредитациялайт.
3. Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо фуакциялары:
- кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, мам-
лекеттик комитеттер жана илимий мекемелер менен бирдикте денетарбия жа-
на спорт ироблемалары боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, коорди-
нациялык жана эксперттик кењештерди, ошондой эле убактылуу чыгармачыл
жамааттарды жана жумушчу топторду түзөт;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча
эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты координациялайт;
- денетарбия жана спорт боюнча ведомстволук структуралык подразде-
лениелердин жана аймактык органдардын иш-аракеттерин контролдоону ишке
ашырат;
- денетарбия жана спорт боюнча облустук, шаардык жана райондук
структураларга методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт жана иштер-
ди координациялайт;
- тиешелүү ведомстволук спорт уюмдары менен бирдикте спорттук ре-
зерв даярдоону ишке ашырат жана Олимпиялык жана Параолимпиялык оюндарды
кошо алганда республикалык, эл аралык мелдештерге Кыргыз Республикасы-
нын курама командаларынын ийгиликтүү катышуусу үчүн шарттарды түзөт;
- майыптардын жана ден соолугу начар адамдардын арасында денетар-
биялык-спорттук иштерди координациялоону ишке ашырат;
- спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча келечектүү спортсмендерди да-
ярдоо жана резервди кабыл алуу жагынан ведомстволук спорттук мектептер
менен борборлордун пландарын аныктайт, ошондой эле өз ыйгарым укуктары-
на жараша медициналык, диспансердик камсыздоого көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-
дикте спорттук медицинаны өнүктүрүүгө көмөктөшөт, спортто допингди пай-
даланууга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга катышат;
- ведомстволук спорт мектептеринин, олимпиялык резерв боюнча рес-
публикалык окуу жайдын жана олимпиялык даярдоо борборунун спорттун
олимпиялык түрлөрү боюнча келечектүү спортсмендерди кабыл алуу жана да-
ярдоо планын аныктайт жана бекитет.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуу функциясы:
- белгиленген тартипте эл аралык, республикалык денетарбиялык-ден
соолукту чыњдоочу, спорттук-массалык, квалификациялык мелдештерди,
ошондой эле дснетарбия жана спорттун өнүгүшү менен байланыштуу или-
мий-практикалык конференцияларды жана республикалык жана Эл аралык
спорттук иш-чаралардын жењүүчүлөрүн, байге-ээлерин медалдар, сыйлыктар,
дипломдор менен сыйлоо аркылуу башка иш-чараларды уюштурат жана
өткөрөт;
- спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын мүчөлөрү үчүн оку-
туу-машыктыруучу жыйындарды уюштурат жана өткөрөт;
- республиканын улуттук курама командаларынын мүчөлөрүн - спорт-
смендерди - Эл аралык мелдештерге катышуусун камсыз кылат.
5. Колдоо көрсөтүү функциялары (каржылоо, эсеп, кадр саясаты,
иш-кагаздарын жүргүзүү);
- эл аралык нормаларга ылайык денетарбия жана спорт тармагында ма-
алыматтык камсыздоо системасын өркүндөтөт;
- калктын, балдардын, жаш өспүрүмдөрдүн денсоолугун чыњдоо, дене-
тарбиялык-спорттук таалим-тарбия берүүнү өнүктүрүүнүн илимий жактан не-
гизделген системасын түзөт;
- тике инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен денетарбия жа-
на спорт жаатында эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- спорттук ишмердүүлүк субъектеринин, жаш балдардын иштеп жаткан
коомдук спорттук бирикмелеринин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ре-
естрин жүргүзөт;
- денетарбия, спорт чөйрөсүндө сергек жашоо образын пропагандалоо-
ну кошо алганда маалыматтык-жарнамалык жана басма иштерин жүргүзүүгө
катышат;
- денетарбия жана спорт тармагында кадрларды даярдоону, кайра да-
ярдоону жана квалификацияларын жогорулатууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-
те денетарбия жана спорттук уюмдардын ар жылдык статистикалык эсебин
тактайт, алардын иштерине изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- тиешелүү уюмдар менен бирдикте илимий изилдөө базаларын
өнүктүрөт жана денетарбия спорт тармагындагы иштерди илимий-методикалык
жактан камсыздоо системасын өркүндөтөт;;
- бул чөйрөдө илим менен техниканын жетишкендиктерин, чет өлкөлүк
же ата мекендик тажрыйбаны колдонуу чараларын көрөт;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө илимий-техникалык жана билим
берүү потенциалын сактоо жана өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт;
- денетарбия жана спорт тармагында методикалык материалдарды иштеп
чыгууну кошо алганда, илимий изилдөөлөрдү каржылоону ишке ашырат;
- спорттук даярдоо борборлорун, денетарбия жана спорт жаатындагы
республикалык маанидеги билим берүү мекемелери менен илимий уюмдарды,
спорттун ар кандай түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар (ре-
зервдик) курама командаларын даярдоону (илимий-методикалык жана медици-
налык камсыздоону кошо алганда) жана расмий эл аралык спорттук мелдеш-
терге катышууну каржылоону жүзөгө ашырат;
- спорт боюнча машыктыруучу-окутуучуларга 50дөн 100 процентке че-
йин эмгек акы ставкаларына үстөк алууга укук берүүчү бекитилген норма-
тивдерди аткарышкан спортсмендердин тизмелерин бекитет;
- Мамлекеттик агенттик боюнча негизги каражаттардын товардык-мате-
риалдык баалуулуктардын жана жалпы эле акча каражаттарынын эсебин, от-
четторун камсыздайт, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин борбордук ап-
паратынын бухгалтердик баланстарын өз учурунда түзүүнү жана тапшырууну
камсыз кылат;
- Мамлекеттик агенттик боюнча бухгалтердик отчеттуулуктун жыйынты-
гын камсыздайт, аны талдайт, ошондой эле ведомстволук структуралык
бөлүмдөрдүн финансы каражаттарынын туура чыгышын контролдойт;
- кадр саясатынын маселелери, кадрлардын эсебин алуу, алардын ку-
рамы жана жылдыруу жөнүндө статистикалык отчеттулукту түзүү жана талдоо
боюнча иштерди уюштурат, кадрлардын тышкы жана ички резервдерин түзөт,
Мамлекеттик агенттиктин ваканттык кызмат ордуларына кызматкерлерди кон-
курс аркылуу тандап алууну уюштурат.
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Мамлекеттик
агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынан, уюш-
туруу-укуктук формаларына жана ведомстволук таандуулугуна карабастан
юридикалык жактардан дене-тарбия жана спорт маселелери боюнча материал-
дар менен маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык де-
нетарбиялык-спорттук уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын
көрсөтүүгө;
- Мамлекеттик агенттиктин структуралык жана ведомстволук
бөлүмдөрүн белгиленген тартипте түзүүгө, өзгөртүп кайра түзүүгө жана
жоюуга;
- өз ара милдеттемелер жөнүндө спорттун түрлөрү боюнча улуттук ку-
рама командаларга мүчө спортсмендер менен келишимдерди түзүүгө, спорт-
тук натыйжаларын жана алардын жеке салымдарын эске алуу менен спорт-
смендерди акчалай сыйлоо (стипендия, сыйлык) өлчөмдөрүн аныктоого;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагына кирген проблемаларды иликтөө
жана консультацияларды алуу үчүн илимий мекемелерди, анын ичинде чет
өлкөлүк адистерди, эксперттерди, окмуштууларды келишимдик негизде ишке
тартууга.
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
1. Мамлекеттик агенттиктин борбодук аппараты ведомстволук уюмдар,
денетарбия жана спорт боюнча аймактык бөлүмдөр, денетарбиялык-спорттук
бирикмелер, мектептен сырткаркы жана денетарбиянын билим берүү тарма-
гындагы мекемелердин бардык түрлөрү жана типтери уюштуруучулук-укуктук
формаларына карабастан Мамлекеттик агенттиктин бирдиктүү системасын
түзөт.
Мамлекеттик агенттикке директор башчылык кылат, ал Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Директор:
- Мамлекеттик агенттиктин иш-аракетин жетектейт жана Мамлекеттик
агенттике жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик
тартат;
- статс-секретардын жана директордун орун басарынын ортосунда мил-
деттерди бөлүштүрөт, аларга Мамлекеттик агенттиктин өзүнчө тармактарына
жетекчилик кылуусу үчүн жоопкерчиликтерди жүктөйт;
- өз компетенциясынын чектеринде, Мамлекеттик агенттиктин жана ага
караштуу ведомстволук уюмдарынын, мекемелеринин бардык кызмат адамдары-
нын аткарышы милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет,
алардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандын жана эмгекке акы
төлөө фондунун чектеринде Кыргыз Республикасынын денетарбия жана спорт
боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук уюмдары менен мекемелери-
нин жоболорун, структураларын жана кызмат орундарынын тизмесин бекитет;
- денетарбия жана спортту өнүктүрүүгө ассигнованиелер жөнүндө Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет, бөлүнгөн бюджеттик кара-
жаттарды пайдаланууга контроль жүргүзөт;
- "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-социалдык борбор" мамле-
кеттик ишканасынын директорун кызматка дайындоо үчүн Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министрине талапкерлерди көрсөтөт;
- Мамлекеттик агенттикке тиешелүү ведомстволорунун жетекчи кызмат-
керлерин, анын ичинде келишимдик негизде иштеген кызматчыларын ишке да-
йындайт жана андан бошотот, Мамлекеттик агенттиктин статс-секретарынын
сунушу менен борбордук аппараттын жана ведомстволук уюмдардын кызмат-
керлерине сыйлоо жана тартип жазаларын берүү чараларын колдонот;
- облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик админстрациялардын
сунушу боюнча денетарбия жана спорт боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн жетек-
чисинин кызматына талапкерлерди макулдашат;
- бул жетекчилер менен Мамлекеттик агенттиктин статс-секретарынын
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
эмгек келишимдерин (контрактарды) түзөт;
- Мамлекеттик агенттиктин ведомстволук уюмдары менен мекемелеринин
жетекчилерин жана бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Мамлекеттик агенттиктин статс-секретарынын сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жетекчилер менен эм-
гек келишимдерин (контракттарды) түзөт, өзгөртөт жана бузат;
- ведомстволук уюмдар жана мекемелердин ортосунда бюджеттен
бөлүнүүчү ассигнованиелердин көлөмдөрүн бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча спорт жаатын-
дагы кызматташтык тууралуу эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга
кол коет, ар кандай эл аралык спорттук иш-чараларда республиканын аты-
нан чыгат;
- Мамлекеттик агенттикке караштуу ведомстволук уюмдардын жана
структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын көлөмүн
аныктайт.
2. Мамлекеттик агенттикте жогорку администрациялык мамлекеттик
кызмат орду болгон - статс-секретардык кызмат уюштурулат. Статс-секре-
тардын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат боюнча
кењеште бекитилген Мамлекеттик органдын статс-секретары жөнүндөгү Жобо
аркылуу аныкталат. Директор статс-секретарга башка функцияларды жана
ыйгарым укуктарды жүктөшү мүмкүн.
3. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары кызматка
Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Премьер-министри тарабынын дайындалат. Мамлекеттик агенттиктин ди-
ректорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнө
жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүн
уюштурат.
4. Мамлекеттик агенттиктеги денетарбия жана спорт чөйрөсүндө не-
гизги маанилүү маселелерди кароо үчүн тутумуна Мамлекеттик агенттиктин
Директору (коллегиянын төрагасы), статс-секретарь жана директордун орун
басары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлү
кирген 9 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Мамлекеттик агенттиктин коллегия мүчөлөрү Мамлекеттик агенттиктин
директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри та-
рабынан бекитилет.
Коллегия кењешүүчү орган болуп саналат жана республикадагы дене-
тарбия жана спорттун өнүгүшүнүн негизги маселелерин карайт. Мамлекеттик
агенттиктин коллегиясынын чечими жыйынга катышкан коллегия мүчөлөрүнүн
жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Коллегиянын жыйыны ага анын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 бөлүгү катыш-
кан учурда укуктуу болуп саналат. Добуштар тењ болуп калган учурда
төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Коллегиянын чечимдери токтомдор түрүндө кабыл алынат жана дирек-
тордун буйругу менен ишкн ашырылат. Коллегиянын иш аракетинин тартиби
директор бекиткен регламент менен аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2005 года № 596 " Вопросы Государственного агентства по физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 19.12.2005 · № 596 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча…Постановление · 20.04.2007 · № 139
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2005 года № 596 " Вопросы Государственного агентства по физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 19.12.2005 · № 596 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон