# Постановление Правительства КР от 19 декабря 2005 года № 596 " Вопросы Государственного агентства по физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики"

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 19 декабря 2005 года № 596 " Вопросы Государственного агентства по физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 596
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56938>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11068/edition/325658/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56938.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 19 декабря 2005 года № 596 " Вопросы Государственного агентства по физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики" (20.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56938

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139

Токтому менен

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-декабры № 596

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик

агенттиктин маселелери

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу орган-

дарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 жана "Кыргыз Республикасынын мам-

лекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 жарлыктарына

ылайык, ошондой эле борбордук аткаруучу бийлик органдарынын ишин

өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт

боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт

боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт

боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кыэматкерлеринин

чектик штаттык саны 25 адам (тейлөөчү персоналдан сырткары) санында бе-

китилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт

боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укук-

тук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча

мамлекеттик комитетине караштуу Жаштардын иштери боюнча департаментти

түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-декаб-

рындагы № 790 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча

мамлекеттик комитети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 12-октябрындагы № 755 токтому.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 19-декабрындагы № 596

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик

агенттиктин башкаруу схемасы

| Борбордук аппарат | \------- | Коллегия |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Денетарбия жана спорт |  | \- | Курама командаларды олимпияга даярдоо |
| боюнча Бишкек жана Ош |  |  | борбору |
| шаардык бөлүмдөрү |  | \--------------------------------------- |  |
| \------------------------ | \- | Ш.Сыдыков атындагы республикалык |  |
| Кыргыз Республикасынын |  |  | олимпиялык резерв окуу жайы |
| Өкмөтүнө караштуу |  | \--------------------------------------- |  |
| Денетарбия жана спорт |  | \--------------------------------------- |  |
| боюнча мамлекеттик |  | \- | Ат спорту жана азыркы спорттун беш |
| агенттиктин райондук |  |  | түрү боюнча РСДЮШОР |
| жана шаардык органдары |  | \--------------------------------------- |  |
| \- | Оор атлетика боюнча РСДЮШОР |  |  |
| \- | Күрөш жана бокс боюнча РСДЮШОР |  |  |
| \- | Спорттун суудагы түрлөрү боюнча |  |  |
|  | РСДЮШОР |  |  |
| \- | Футбол боюнча РСДЮШОР |  |  |
| \- | "Башкы спорттук арена" мамлекеттик |  |  |
|  | ишканасы |  |  |
| \-- | "Каба уулу Кожомкул атындагы СМБ" |  |  |
| мамлекеттик ишканасы |  |  |  |
