# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 594 "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 594 "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 594
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2005
- Редакциянын күнү: 19.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11066/edition/1216643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 594 "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому (19.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56936

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 720 токтомуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-декабры № 594

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик

коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес

абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык

зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис

чаралар жөнүндө

"Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулт-

кучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасында Кыргыз Республика-

сынын Баткен облусун жана аны менен чектеш аймактарды экологиялык кор-

кунучка дуушарлантып жаткан ыктымалдуу кесепеттерден келиши мүмкүн бол-

гон экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр

сунушталсын:

- мурда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жањы менчик ээси -

"АТФ-Инвест" Жоопкерчилиги чектелген шериктик менен мамлекеттин орто-

сунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекет-

тик агенттик менен бирдикте көз карандысыз эксперттерди тартып

2005-жылдын аягына чейинки мөөнөттө "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык

акционердик коомуна белгилеген тартипте экологиялык аудит жүргүзүү;

- долбоордун негизинде жана туз чогулткучтардын жылчыксыздыгын га-

рантиялаган заманбап технологияларды пайдалануу менен "АТФ-Инвест" Жо-

опкерчилиги чектелген шериктиктин эсебинен № 1, № 2, № 3, № 4 жана № 5

туз чогулткучтарды ремонттоо жана калыбына келтирүү;

- № 7 жана № 8 туз чогулткучтарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жана рекультивациялык

жумуштарды жүргүзүүдө жол-курулуш техникасы жана жумушчу ресурстар ме-

нен жардам көрсөтүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- № 7 жана № 8 туз чогулткучтарды аларды андан ары реабилитациялоо

жана тейлөө үчүн балансына алсын;

- № 7 жана № 8 туз чогулткучтардын карттарынын абалына туруктуу

мониторингди камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дренаждал-

ган агымдардын чектеш аймакка түшүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте № 7 жана

№ 8 туз чогулткучтардыы карттарынын дренаждалган агымдарынын сарыгып

чыгуусун ошол чыгып жаткан зонасында токтотуу боюнча иш-чараларды

2005-жылдын аягына чейин иштеп чыксын.

5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана то-

кой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын

Экономика жана финасы министрлиги экологиялык аудит жүргүзүлгөндөн ки-

йин № 7 жана № 8 туз чогулткучтардын карттарын реабилитациялоого жана

андан ары тейлөөгө донор өлкөлөрдүн, эл аралык финансылык институттар-

дын жана донор уюмдардын инвестициялык ресурстарын тартуунун зсебинен

грант каражаттарды табышсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
