# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы №590 ""Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы №590 ""Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 590
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11062/edition/325652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы №590 ""Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү жөнүндө" токтому (19.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56932

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-декабры № 590

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын

мамлекеттик пакетин менчиктештирүү жөнүндө

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик

пакетинин 51 процентин сатуунун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 2004-жылдын 7-июлундагы №

1148-II-20 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыр-

гызтелеком" АК) акцияларынын мамлекеттик пакетинин 51 процентин менчик-

тештирүү боюнча тендердик комиссия "Кыргызтелеком" АКнын акцияларынын

мамлекеттик пакетинин 51 процентин менчиктештирүү боюнча ачык инвести-

циялык тендерди өткөрүүнү токтотсун.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте:

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (мындан ары - ЕРӨБ)

жана "Кыргызтелеком" АКсы менен бирдикте Радиорелелик магистралдар, те-

лекөрсөтүү жана радиоберүү республикалык өндүрүштүк бирикмесин - "Кыр-

гызтелеком" АКнын филиалын акционердик коомдун курамынан чыгаруу масе-

лесин карасын;

- "Кыргызтелеком" АКнын балансындагы жайларды Кыргыз Республикасы-

нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз

почтасы" мамлекеттик ишканасына бекитип берүү маселесин чечсин;

- өкмөттүк байланыш тармагын кењейтүү үчүн шарттарды камсыздасын;

- ЕРӨБдү жана "САШ Enterprises LLC" консультациялык компаниясын

тартуу менен "Кыргызтелеком" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин

77,84 процентин менчиктештирүү боюнча жањы ачык инвестициялык тендерди

жарыяласын.

3. Бул токтом, аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
