# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 586
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56926>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11058/edition/325641/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому (13.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56926

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-декабры № 586

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын

өркүндөтүү жөнүндө" № 462 Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин иш-аракетин жөнгө са-

луу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

агенттигинин системасын башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

агенттигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку саны 17

адамдан жана эмгек акы төлөө фондусу республикалык бюджетте каралган

каражаттын чегинде белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

агенттигинин борбордук аппаратынын структурасын жана штаттык расписани-

есин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

бекитүүсүнө киргизсин;

- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык кел-

тирсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасы-

нын Мамлекеттик архив кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 15-августундагы № 517 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
