# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 585
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2250/edition/1055840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 токтому менен бекитилген) (26.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56925

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 14-декабрындагы № 585

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

сый курал фонду жөнүндө

жобо

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)

II. Фонддун түзүлүшү

III. Сый куралды сактоо, эсепке алуу жана контролдоо

IV. Сый куралды тартуулоонун тартиби

V. Сый куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат алуунун

тартиби

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду

(мындан ары - Фонд) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-статьясынын 20-пунктуна ыла-

йык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдары-

нын жана аскерлештирилген мамлекеттик ведомстволорунун кызматкерлерин

эрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө өтөгөн эмгеги, көп жылдык кынтыксыз

кызматы, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы жана кызматтык милдет-

терин үлгүлүү аткарганы үчүн жана башка адамдарды жарандардын өмүрүн

жана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганды-

гы үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын укук

коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана коопсуздугун жана кор-

гонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн сый курал менен

сыйлоо максатында түзүлгөн.

II. Фонддун түзүлүшү

2. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата мекендик,

ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактардын демөөрчүлүк жардамынын,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка

булактардын каражаттарына сатып алынган куралдан түзүлөт.

3. "Чубурта" ок атууга болуучу курал, ошондой эле Кыргыз

Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган курал "cый курал"

категориясына кирбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)

III. Сый куралды сактоо, эсепке алуу жана контролдоо

4. Фондго түшкөн куралды сактоону, эсепке алууну, контролдоону жа-

на жүгүртүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана курал жүгүртүүнү жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырат.

IV. Сый куралды тартуулоонун тартиби

5. Фонддогу курал адамдарга аларды эрдиги жана Мекен алдындагы

өзгөчө кызматы, көп жылдык кынтыксыз эмгеги, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы, коомдук тартипти сактоо, Мекенди коргоо, өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо, кылмыштуулукка жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы, таби- гый кырсыктарда адамдарды сактаганы, жарандардын өмүрүн жана ден соолу- гун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганы, Кыргыз Респуб- ликасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана кооп- суздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн тартууланат. Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө жана коомдук тартипти, коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу- га көмөк көрсөтүүдөгү салымы мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарга жана башка мамлекеттик органдарга эки миллион сомдон кем эмес болгон эквивалент- теги суммада материалдык-техникалык жардам көрсөтүү болуп эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)

6. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жо-

бого ылайык сый курал деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына, укук коргоо органда- рынын кызматкерлерине, аскерлештирилген уюмдарынын кызматкерлерине жана башка адамдарга сыйлоо иретинде берилген курал эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Курал менен сыйлоого талапкерлер Кыргыз Республикасынын укук коргоо

ведомстволору, мамлекеттик органдары жана коомдук уюмдары тарабынан көрсө- түлөт. Өтүнүчтөр жана сунуштар аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кыр- даалдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жиберилет.

8. Сый курал менен сыйлоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнө берген тийиштүү материалдардын негизинде кабыл алат. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)

V. Сый куралды сактоого жана алып жүрүүгө

уруксат алуунун тартиби

9. Курал менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлиги «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген

талаптарга жана курал менен сыйлоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик

укуктук актыларына ылайык аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берет.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)
