# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 585
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11057/edition/325639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56924

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-декабры № 585

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдары-

нын жана аскерлештирилген мамлекеттик ведомстволорунун кызматкерлерин

эрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө өтөгөн эмгеги, көп жылдык кынтыксыз

кызматы, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы жана кызматтык милдет-

терин үлгүлүү аткарганы үчүн жана башка адамдарды жарандардын өмүрүн

жана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганды-

гы үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын укук

коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана коопсуздугун жана кор-

гонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн сый курал менен

сыйлоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду

түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду

жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
