Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагы чектөөлөрдү этаптуу жоюу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 13-декабры, №578
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган КМШга
катышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагы чектөөлөрдү этаптуу
жоюу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-
июнунда кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагы
чектөөлөрдү этаптуу жоюу жөнүндө протоколдун 2-пуктуна ылайык мамлекет
ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатьшда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган КМШга
катышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагы чектөөлөрдү этаптуу жоюу
жөнүндө тиркелген протокол (мындан ары - Протокол) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз
Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы бул
Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболорду
аткарганы жөнүндө билдирсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон