# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын ортосундагы Өз ара маалымат алмашуу жана кьпматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын ортосундагы Өз ара маалымат алмашуу жана кьпматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 577
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11049/edition/861657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын ортосундагы Өз ара маалымат алмашуу жана кьпматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56915

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 13-декабры № 577 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакциясына ылайык) Салык, бажы органдарынын жана финансылык полиция органдарынын ортосунда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде салык, бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча өз ара аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ортосундагы Өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 , 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3 Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Ф.Кулов
