# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №560 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 26-сентябрындагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №560 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 26-сентябрындагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 560
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11034/edition/1149770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №560 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 26-сентябрындагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу" токтому (07.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56898

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 7-декабры, №560

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 26-сентябрындагы

№ 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын,

депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» токтомунун

аткарылышы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик

комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, протоколдук

тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын, сын пикирлерин жана

сунуштарын аткаруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышканын

белгилейт.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Өкмөтүнүн

регламенттеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

2005-жылдын 28-мартынан 1-октябрына чейинки мезгилде Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин 34 токтому жана 22 протоколдук тапшырмасы, Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатгарынын 474 пикири жана

сунуштары, 355 жазуу жүзүндөгү суроо-талабы контролго алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 34 токтомунун 29у боюнча

маалымат берилген, анын ичинен 25 токтом боюнча маалымат мөөнөтү

кечиктирип берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 22

протоколдук тапшырмасынын 16сы боюнча маалымат берилип, анын ичинен

13ү боюнча маалымат берүү мөөнөтү кечиктирилген.

Ушуну менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

жогоруда аталган токтомунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку

Кењештин чечимдерин өз убагында жана толук аткаруу боюнча жетиштүү

чара көрүлүшун камсыздабайт, көп учурда жооптор өз убагында берилбейт,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимдерин аткаруунун абалы

жөнүндө маалымат бийликтин аткаруучу органдарынын биринчи адамдарынан

эмес, жооптор конкреттүү эмес, көтөрүлгөн проблемага тиешесиз берилет

деп айтылган.

Кечиктирбестен чечүүнү талап кылган курч проблемалардын бири

табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу болуп эсептелет.

2005-жылы болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана

жабыркаган калкка жардам көрсөтүү маселелери Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин жыйындарында үч жолу каралган. Натыйжада Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин 4 токтому жана 3 протоколдук

тапшырмасы кабыл алынып, аларда негизинен табигый кырсыктардын

кесепеттерин тез арада жоюу, алардын алдын алуу жана жоюу, жабыркаган

калкты башка жерге көчүрүү жана турак жайын калыбына келтирүү үчүн

жењилдиктүү ссудалар менен камсыздоо боюнча иштерди каржылоо

маселелери коюлган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бардык төрт токтому боюнча

тийиштүү министрликтерге конкреттүү тапшырмалар берилген, бирок аларда

айтылган проблемалар ушул кезге чейин чечиле элек.

Республикадагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн каражат

бөлүү, табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган калкка узак

мөөнөттүү ссудаларды берүү маселеси толук чечиле элек.

Республиканын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоого

байланыштуу абал мурдагыдай эле татаал бойдон калууда.

Бул проблема эки жылдан бери көтөрүлүп келатат, ал мурдагы

парламентте да талкуунун предмети болуп келген. Бул маселе азыркы

парламентте да өзгөчө курч коюлуп, эки токтом жана бир протоколдук

тапшырма кабыл алынган.

Көрүлүп жаткан уюштуруучулук-укуктук чараларга карабастан өлкөдө

паспорттук кризисти жоюуга жетишиле элек.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бир нече токтому

республиканын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абалына

арналган® Жерлерди өз эркинче басып алуу жана «Кара-Кече» көмүр

кенинде мыйзамды жана укуктук тартипти камсыздоо проблемалары да

чечиле элек.

Депутаттар көп көтөргөн маселелердин бири калкты ичүүчү таза суу

менен камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бул проблема

боюнча эки протоколдук тапшырма (16.05.05-ж. № 15 жана 23.06.05-ж. №

28) кабыл алган. Бирок депутаттардын ичүүчү таза суу менен камсыздоо

проблемасы боюнча суроо-талаптарына Кыргыз Республикасынын Айыл, суу

чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен берилген маалыматта

Дүйнөлүк банктын жана Азиялык өнүктүрүү банкынын Кредит берүү

долбоорунун шарттарынын региондордогу реалдуу абалды чагылдырбаган

үзүндүлөрү такай келтирилип, депутаттардын жүйөлүү

нааразылыктарын жаратууда (чыгыш № 01-3/454, 22. 06.05-ж.).

Депутаттардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларында

республиканын жалпы билим берүүчү мектептсринин окуучуларын окуу

китептер, мектептик эмерек менен камсыздоо маселеси көп коюлат,

ошондой эле жалпы билим берүүчү негизги сабактар боюнча мугалимдердин

жетишсиздиги белгиленет. Ошондой болсо да, Кыргыз Республикасынын

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги бул көрсөтүлгөн

проблемалар боюнча толук айкындыкка жетише албай жатат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

чечимдерин жана депуттаттардын суроо-талаптарын өз убагында аткаруу

боюнча толук чаралар көрүлбөйт. Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына келген

34 токтомунун 6 сында түздөн түз жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына

тапшырма берилген пункттар бар.

Бул тапшырмалардын аткарылышын талдаганда алардын аткарылышы

жонүндө маалымат бардык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан

толук келбегени көрүндү.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 30-

майындагы № 445 «Республиканын калктуу конуштарын жана айыл чарба

жерлерин суу басууга байланыштуу проблемаларды чечүү боюнча

кечиктирилгис чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча Жалал-

Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын мамлекеттик

администрацияларынан, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

2005-жылдын 18-апрелиндеги № 158 «Кыргыз Республикасындагы саясий жана

социалдык-экономикалык абал жөнүндө» токтому боюнча Нарын, Ысык-Көл,

Талас, Баткен облустарынан жана Бишкек шаарынын мэриясынан көрүлгөн

чаралар жөнүндө маалымат берилген эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине маалымат министрликтердин,

мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын колу

менен жиберилген фактылар уланууда.

Депутаттык суроого формалдуу, үстүрт мамиле кылган фактылар бар.

Депутат К.Т.Коњгантиевдин Бүргөнду айыл өкмөтүнүн Ноошкен айлында 600

дөн ашык адамдын жер ээлөө боюнча укуктарынын бузулганы тууралуу суроо-

талабына Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы ушул кезге

чейин жооп бере элек.

Бардыгы 359 депутаттык суроо-талаптын 16сына жооп берилген эмес.

Министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин тармактык комитеттери менен байланышым иштөөнү

камсыздашпайт. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер

жана ведомстволор маалымат беришкенине карабастан Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин 20 токтому комитеттерде контролдон

чыгарылган эмес.

Министрликтер менен ведомстволор демилге көтөргөн мыйзам долбоорлор

боюнча иштин абалы да ушундай.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен алынган маалыматтарды

талдаганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттеринде

2005-жылдын октябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2000-жылдан

2005-жылга чейинки мезгилде демилге көтөргөн 139 мыйзамдын жана

токтомдун долбоору каралбастан турганы көрүндү, бул министрликтердин

жана ведомстволордун аларды жылдыруу боюнча иштеринин жетишсиздигин

айгинелейт.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын

башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-

талаптарын, сын пикирлерин жана сунуштарын аткаруу боюнча, ошондой эле

парламенттин тармактык комитеттери мепен өз ара байланышта иштөө

боюнча иши олуттуу жакшыртууну талап кылат. Башкармалар менен

бөлүмдөрдүн иштеринде мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратына келген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

чечимдерин, депутаттардын суроолорун маселени чечүү үчүн талдабастан:

«Карап чыгып, жообун депутатка, көчүрмөсүн Премьер-министрдин

Аппаратына берињиздер» деген резолюция менен министрликтерге,

мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жиберүү

практикасы басымдуу. Натыйжада көп учурда толук каралбаган жана

парламенттин депутаттарын канааттандырбаган жүйөөсүз жооптор берилет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, протоколдук

тапшырмапарын жана депутаттардын суроо-талаптарын өз убагында жана

сапаттуу аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 26-

сентябрындагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын

аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө»

токтому аткарууга алынсын.

2. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын,

администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, облустардын

мамлекеттик администрация башчыларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын

мэрлеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттеринин чечимдеринин

жана депутаттардын суроо-талаптарынын сапаттуу жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышы үчүн жеке

жоопкерчиликтери белгиленсин.

3. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:

- коллегиялардын жыйындарында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин чечимдери аткарылышын карашсын;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен келген ар бир

документтин толук аткарылышын камсыздашсын, зарыл болсо аларда коюлган

маселелер боюнча негиздүү жана толук жоопту Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө беришсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине маалыматты мамлекеттик

башкаруу органынын биринчи жетекчисинин колу менен, алар жок болгон

өзгөчө учурларда гана - биринчи орун басарлардын колу менен

жиберишсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тармактык комитеттери

менен аткарууда турган документтерди контролдон чыгаруу боюнча ишти

туруктуу негизде жүргүзүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун,

депутаттардын суроо-талаптарынын жана кайрылууларынын аткарылышына ай

сайын мониторинг жүргүзүшсүн жана жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана

бөлүмдөрүнө жиберишсин.

4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын

башкармалары жана бөлүмдөрү:

- мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

чечимдерин, депу таттардын суроо-талаптарын, кайрылууларын Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылышына катуу

контролду камсыздашсын;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына келген жана

Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна аткаруу

үчүн жиберилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун

жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттеринин

чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат республиканын парламентине ал

маалыматтар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында

аныкталган тартипте экспертизадан өткөндөн кийин гана жиберилишин

камсыздашсын;

- мыйзам долбоорлоруна демилге көтөргөн тийиштүү министрликтер жана

ведомстволор менен бирдикте алардын Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин комитеттерине өткөрүлүшүн жана каралышын такай байкоого

алышсын;

- көрсөтүлгөн документтердин аткарылышына аныкталган тартипте ай

сайын мониторинг жүргүзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлүнө маалымат

беришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешиндеги туруктуу өкүлү:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимдерин жана

депутаттардын суроолорун аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешине квартал сайын маалымат берсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги мыйзам долбоорлорду

кароонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппаратынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрүнө квартал сайын маалымат

берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен төмөнкүлөр суралсын:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана анын комитеттеринин

аныкталган тартипте бекитилген мамлекеттик бюджетти көбөйтүүнү же

азайтууну, ошондой эле мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин

өзгөртүүнү караштырган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

сөзсүз макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйынын учурунда оозеки

айтылган суроо-талаптарды аткаруу бийлигинин органдарына жана алардын

кызмат адамдарына «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин регламенти

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 250-статьясына ылайык

депутаттардын колу менен гана жиберүү.

7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана

Ош шаарларынын мэриялары бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө 2006-жылдын 1-февралына карата маалымат

беришсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат жетекчисине -министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
