Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын материалдык абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 7-декабрындагы № 559
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын материалдык
абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.М.Марипов
тарабынан демилге көтөрүлгөн "Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучула-
рынын материалдык абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын материалдык
абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты А.М.Марипов тарабынан демилге кылынган "Улуу Ата
Мекендик согуштун катышуучуларынын материалдык абалын жакшыртуу боюнча
чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карап
чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-
пунктун жетекчиликке алуу менен аны кабыл алууга төмөнкүдүй негиздер
боюнча макулдук бере албайт.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөрдүн пенсияларына ко-
шумчу үстөктөр белгиленет:
- Советтер Союзунун баатырларына жана Дањк орденинин үч даражасы
менен сыйланган адамдарга - 1000 сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 300 сом өлчөмүндө.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Улуу Ата
Мекендик согуштун ардагерлеринин пенсияларына үстөктөрдү белгилөө,
жењилдектерди, компенсацияларды жана бир жолку пособиелерди берүү
түрүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп келет.
Алсак, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясы менен согуштун майыпта-
рынын жана аларга тењештирилген адамдардын пенсияларына төмөнкүдөй
үстөктөр белгиленген:
- I топтогуларга - эњ аз эмгек акынын өлчөмүнүн 175 процент
өлчөмүндө;
- II топтогуларга - эњ аз эмгек акынын өлчөмүнүн 150 процент
өлчөмүндө;
- III топтогуларга - эњ аз эмгек акынын өлчөмүнүн 100 процент
өлчөмүндө.
Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин баатырдыгын жана кайрат-
мандыгын терењ урматтоо менен аларга кошумча мамлекеттик колдоо көрсө-
түү максатында 2003-жылдын 1-январынан тартып пенсияларына үстөктөрдүн
өлчөмү айына 300 сомго көбөйтүлгөн, башкача айтканда алардын кирешеле-
ри жылына 3,6 мињ сомго өскөн. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын
жана катышуучуларынын пенсияларына "Аскер кызматчыларын пенсиялык кам-
сыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясында да
ушундай эле үстөк каралган.
Ошентип, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын пенсияларына
үстөктөрдүн өлчөмү 2003-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөрдү түзөт:
- I топтогуларга - айына 475 сомду же жылына 5,7 мињ сомду;
- II топтогуларга - айына 450 сомду же жылына 5,7 мињ сомду;
- III топтогуларга - айына 400 сомду же жылына 5,7 мињ сомду.
Салыштыруу үчүн: I, II топтогу башка оорулардан кары-картањ адам-
дардын жана майыптардын пенсияларына үстөктөрдүн өлчөмү эњ аз эмгек
акынын 50 процентин, башка айтканда айына 50 сомду же жылына 600 сомду
түзөт.
Советтер Союзунун баатырларына жана "Дањк" орденинин үч даражасы
менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына
өзгөчө эмгек сињиргендиги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз
Республикасына өзгөчө эмгек сињиргендиги үчүн пенсия белинген. Жобого
ылайык үстөктөрдү эске алуу менен мындай пенсиялардын өлчөмдөрү 100
процентке жогорулатылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагерлерине берилүүчү төмөнкүдөй бир катар жењилдиктер
менен компенсацияларды да белгилей кетүү зарыл:
- пайдаланылбаган санаториялык-курорттук жолдомолордун толук
наркынын өлчөмүндө (жылына 5860 сом) компенсация;
- коммуналык кызматтарды (газ, электр энергиясы жана жылуулук
энергиясы) пайдалануу, жол жүрүү (автотранспорт, авиатранспорт жана
темир жолдо ташуулар) үчүн акы төлөөдөн жана жењилдиктин башка түрлө-
рүнөн - 100 процентке бошотуу;
- көмүр, медикаметтерди, ат араба шаймандарын сатып алууга жана
автотранспортту техникалык тейлөөгө компенсация.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жогоруда аталган жењил-
диктер менен компенсациялардын түрлөрүн берүүгө байланыштуу чыгымдарды
каржылоого республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына 300 млн.сомго
жакын сом жумшалат.
Мындан тышкары 2004-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жењиштин 59
жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 38,1 млн.
сом жалпы суммасында кошумча бир жолку акчалай пособие төлөнгөн.
Мындан тышкары 2004-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жењиштин 60
жылдыгынын майрамдоого жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине
социалдык колдоо көрсөтүү максатында бир жолку кошумча пособиелер (9-
майга карата ар жылдык милдеттүү пособиеден тышкары) төлөнгөн. Бул
төлөмдөрдүн өлчөмдөрү төмөнкүлөрдү түзгөн: - Улуу Ата Мекендик согуш-
тун майыптарына жана Советтер Союзунун баатырларына - 10 мињ сомдон,
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 8 мињ сомдон, ооруктун
эмгекчилерине жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө - 2 мињ сомдон.
Бул пособиелерди төлөөгө республикалык бюджеттен 130 млн. сом сумма-
сында акча каражаттары жумшалган.
СССРдин баатырларынын (4 адам) пенсиясына үстөктөрдүн өлчөмүн
1000 сомго жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын (8945
адам) пенсиясына - 300 сомго көбөйткөн учурда республикалык бюджеттен
кошумча түрдө жылына 32,6 млн.сом талап кылына тургандыгын алдын ала
эсептөөлөр көрсөттү. Көрсөтүлгөн сумма 2005-2006-жылдарга республика-
лык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын материалдык абалын жакшы-
ртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл
алууга макулдук бере албайт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 1998 года №82 "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Кыргызской Республикой"Постановление · 19.02.1998 · № 82 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.