# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-декабрындагы №555 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-декабрындагы №555 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11029/edition/1154560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-декабрындагы №555 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (06.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56893

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-декабры, №555

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Республнкасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2005-жылдын 6-декабры, №24-57/22 Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенти

тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасьшын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Ресиубликасыиын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөнкүдөй

эскертүүлөрдү эске алып кабыл алууга макулдук бсрст.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 85-статьясынын 3-

пунктуна ылайык, коммерциялык эмес уюм болгон юридикалык жактар уюмдун

менчик ээси, кайрымдуулук же башка коомдук фонддор тарабынан

каржыланчу кооператив, коомдук жс диний уюм (бирикме) түрүндө, ошондой

эле мыйзамда каралган башкача формада түзүлө алышат.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

1-статьясынын экинчи бөлүгүндө коммерциялык эмес уюмдардын

уюштуруучулук-укуктук формалары саналган, алар: коомдук бирикмелер,

фонддор, мекемелер, саясий партиялар, кесиптик кошуундар, диний уюмдар

жана кооперативдер. Мында бул Мыйзамдын күчү коомдук бирикме, фонд

жана мекеме түрүндө түзүлгөн коммерциялык уюмдарга карата

колдонулаары, ал эми саясий партиялардын, кесиптик кошуундардын, диний

уюмдардын жана кооперативдердин иштери Кыргыз Республикасынын өзүнчө

мыйзамдары менен жөнгө салынаары белгиленген.

Мыйзамдын долбоорунун 1-статьясынын сунушталган редакциясы мыйзамдын

жогоруда айтылган нормаларына каршы келет, ошондой эле «юридикалык

жактын уюштуруучулук-укуктук формасы» деген түшүнүктү колдонуу жагында

жарандык укуктун жалпы каПыл алынган негиздерине жана мыйзамды

колдонуу нрактикасына да каршы келет.

Ушул айтылгандарга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-статьясын алып салуу керек

деп эсептейбиз.

Премьер-министр Ф.Кулов
