Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-06.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 6-декабры, №555
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республнкасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2005-жылдын 6-декабры, №24-57/22 Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасьшын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Ресиубликасыиын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөнкүдөй
эскертүүлөрдү эске алып кабыл алууга макулдук бсрст.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 85-статьясынын 3-
пунктуна ылайык, коммерциялык эмес уюм болгон юридикалык жактар уюмдун
менчик ээси, кайрымдуулук же башка коомдук фонддор тарабынан
каржыланчу кооператив, коомдук жс диний уюм (бирикме) түрүндө, ошондой
эле мыйзамда каралган башкача формада түзүлө алышат.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
1-статьясынын экинчи бөлүгүндө коммерциялык эмес уюмдардын
уюштуруучулук-укуктук формалары саналган, алар: коомдук бирикмелер,
фонддор, мекемелер, саясий партиялар, кесиптик кошуундар, диний уюмдар
жана кооперативдер. Мында бул Мыйзамдын күчү коомдук бирикме, фонд
жана мекеме түрүндө түзүлгөн коммерциялык уюмдарга карата
колдонулаары, ал эми саясий партиялардын, кесиптик кошуундардын, диний
уюмдардын жана кооперативдердин иштери Кыргыз Республикасынын өзүнчө
мыйзамдары менен жөнгө салынаары белгиленген.
Мыйзамдын долбоорунун 1-статьясынын сунушталган редакциясы мыйзамдын
жогоруда айтылган нормаларына каршы келет, ошондой эле «юридикалык
жактын уюштуруучулук-укуктук формасы» деген түшүнүктү колдонуу жагында
жарандык укуктун жалпы каПыл алынган негиздерине жана мыйзамды
колдонуу нрактикасына да каршы келет.
Ушул айтылгандарга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-статьясын алып салуу керек
деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15