# 94-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 94-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-94

---

Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, аны өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыраткан психикасы бузулган ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттеринин маанисин түшүнүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтө элек болсо же аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер жок болсо сот тарабынан жаза белгилениши мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда болгон бир күн эркиндигинен ажыратуунун бир күнү эсебинде жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-93)  
Кийинки берене: [95-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-95)
