# 93-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү жана токтотуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 93-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-93

---

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү жана токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат. (2) Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү чаралар белгиленген адамдар, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында иш козгоонун мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн кеминде алты айда бир жолу врач психиатрлардын комиссиясында каралып, алардын күбөлөндүрүүсүнөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү чараны өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздер болбосо врач-психиатрлардын комиссиясы бул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал корутунду дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан жылына кеминде бир жолу кароо үчүн сотко жөнөтүлүп турат.

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-92)  
Кийинки берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-94)
