# 92-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын белгилөөнүн негиздери

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 92-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-92

---

(1) Милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөбөгөн психикалык оорулууларга, ошондой эле психикасы бузулган оорудан сакайган адамдарга карата, активдүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөт алышын жана жаңы коомдук коркунучтуу жосундардын алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. (2) Катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу жосунунун мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулууга карата белгилениши мүмкүн. (3) Күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо, граждандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган коомдук коркунучтуу жосун жасаган жана психикалык абалы боюнча айлана-тегерегиндегилерге коркунуч келтирбеген, бирок ооруканада кармоого жана күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү шарттарында дарылоого муктаж болгон психикалык оорулууга белгилениши мүмкүн. (4) Катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо, психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу жосунунун мүнөзү боюнча коом үчүн өзгөчө коркунуч келтирген жана катуу байкоо жүргүзүү шарттарында ооруканада кармоого муктаж болгон психикалык оорулууга белгилениши мүмкүн. (5) Күчөтүлгөн жана катуу байкоо жүргүзүүчү психиатриялык ооруканаларга жайгаштырылган адамдар, алардын жаңы коомдук коркунучтуу жосунду жасашына мүмкүнчүлүк бербеген шарттарда кармалышат.

---

Мурунку берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-91)  
Кийинки берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-93)
