# 91-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 91-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-91

---

Акыл-эси ордунда эмес абалда коомдук коркунучтуу жосундар жасаган, же ушундай жосундарды акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүм чыгарганга чейин же жазаны өтөө убагында, аларды өз аракеттерине жооп берүү же аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жан оорусу менен ооруп калган адамдарга карата, сот тарабынан саламаттык сактоо органдарынын мекемелери жүзөгө ашыруучу медициналык мүнөздөгү төмөндөгүдөй мажбурлоо чаралары:

1) милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү);

2) катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу;

3) күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу;

4) катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-92)
