# 90-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 90-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-90

---

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан коомдук коркунучтуу жосун жасаган акыл-эси ордунда эмес адамдарга карата, дарылоо жана бул адамдар тарабынан жаңы коомдук коркунучтуу жосундардын жасалышынын алдын алуу максатында белгилениши мүмкүн. (2) Сот тарабынан жаза берүү менен катар, аракечтиктен, баңгиликтен же токсикоманиядан жапа чеккен соттолгон адамдарга карата, дарылоо максатында жана жазанын максатына жетишүүгө көмөк берүүчү шарттарды түзүү максатында медициналык чаралар белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-89)  
Кийинки берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-91)
