# 86-статья. Жашы жетпегенди мажбурлоо чараларын колдонуу менен жоопкерчиликтен же жазадан бошотуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920039..920040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 86-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-86

---

(1) Эгерде жасалган кылмыштын мүнөзүн, айыпкердин инсанын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен жаза колдонбой эле анын оңолуп-түзөлүшү мүмкүн болсо, сот материалдарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берүү менен чоң коркунуч келтирбеген кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жетпегенди жоопкерчиликтен бошотушу мүмкүн. (2) Биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасаган жашы жетпегенге карата, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер болсо, сот аны жазадан жана мажбурлоо чараларын колдонуудан бошото алат. (3) Жашы жетпеген жаш курактык жагынан өнүгүүдө олуттуу артта калып, жасаган жосундун маанисин толук ченемде аңдап билүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган болсо, сот жазанын ордуна мажбурлоочу чараларды колдоно алат. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-87)
