# 85-статья. Жашы жетпегенди жазадан бошотуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 85-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-85

---

(1) Чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген, ушул Кодекстин 83-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу менен сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн. (2) Эгерде анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген өспүрүмдү жашы жетпегендер үчүн атайын тарбиялоо же дарылоо-тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу жолу менен жазалоонун максатына жетишүүгө мүмкүн деп табылса, ал сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн. Мында көрсөтүлгөн мекемеде болуунун мөөнөтү жашы жетпеген өспүрүм жасаган кылмыш үчүн ушул Кодексте каралган эң чоң жазанын мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-84)  
Кийинки берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-86)
