# 84-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларынын мазмуну

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 84-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-84

---

(1) Эскертүү - жашы жетпегенге анын жосуну келтирген зыянды жана ушул Кодексте каралган кылмыштарды кайталап жасоонун кесепеттерин түшүндүрүүнү билдирет. (2) Көзөмөлгө берүү ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, же болбосо ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясына же жашы жете электердин иштери боюнча комиссияга жашы жетпегенге тарбиялык таасир берүү жана анын жүрүм-турумуна контролдук кылуу милдеттерин жүктөөнү билдирет. (3) Жашы жетпегендин бош убактысын чектөөдө жана жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды белгилөөдө белгилүү жерлерге барууга, эс алуунун белгилүү түрлөрүн, анын ичинде механикалык транспорт каражаттарын башкарууга байланышкан түрлөрүн пайдаланууга тыюу салууну, сутканын белгилүү убактысынан кийин үйдөн сыртта болууну, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын уруксатысыз башка жерге барууну чектөө каралышы мүмкүн. Жашы жетпегенге ошондой эле билим берүү мекемесине кайтып келүү же болбосо жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын жардамы менен ишке орношуу талабы коюлушу мүмкүн. Бул тизме толук тизме болуп эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-85)
